посуда, сосуд; тара;
идиш-аяк всякого рода посуда.
зат. Тамак-аш, ар кандай продуктылар куюу үчүн, салып коюу үчүн ж.б. максаттарда колдонулуучу чыны, табак, кап сыяктуу буюмдардын жалпы аты. Өрүшүнө мал жайнап, Идиши толо бал-каймак, чарбасы өскөн кыргыздын (Калык).
¨ Идиш-аяк — тамак ичүү үчүн колдонулуучу идиштердин жалпы аты.
Байыркы түрк тилинде иди этиши «жый» маанисин берген (ДТС, 203). Ага зат атооч жасоочу -ш мүчөсү жалгануудан идиш сөзү келип чыккан. Алгачкы идиш «буюм-тайымды, тамак-ашты чогултуп, жыйнап салуучу буюм» маанисиндеги сөз болгон. Азыркы кезде иди этиши унутулуп, андан жасалган идиш сөзү гана сакталып, кандай маанидеги сөз экенин билүү кыйындап калган.
Тамак-аш куюп ичүү үчүн, азык-түлүктөрдү сактоо үчүн, ошондой эле ар кандай нерселерди салып коюу максатында колдонулуучу чыны, табак, кап сыяктуу буюмдардын жалпы аты. Калай чөмүчтү батыра сузуп, чоң эне өзү идиштерге тамак үлөштүрө баштады (Сыдыкбеков). Өрүшүнө мал жайнап, Идиш толо бал-каймак, Чарбасы өскөн кыргыздын (Калык).
idiş-ayak
1. kapkacak;
2. kap
Тамак куюп ичүү же куюп коюу үчүн колдонулуучу идиштердин жалпы аты. Зубайда идиш-аягын жыйнаштырган болуп көпкө жүрдү (Жантөшев).
ИДИШ ТАРИФИ – деңиз менен жүк ташууда бош идишке колдонулуучу ставка, адатта, жүк ташуунун ставкасынан төмөн болот.
кара темирдин бетине жезди сүртүү. Металлды кызартып алып, ага ак данакерди сээп, анан жезди жука кесип алып, көмүргө кармайт. Жез эрийт да, темирге таралат. Мында данакер темирдин желими катары милдет аткарат.
ИДИШТҮҮ (БРУТТО) САЛМАК (ит. Brutto – одоно, нака эмес) – товардын идиши жана таңгагы менен салмагы. Товардын эң сырткы таңгагы чыгарылып салынган салмагын түшүндүрүүчү «жарым идиштүү салмак» деген түшүнүк да кездешет.