Киргизско-русский словарь Юдахина
яйцо;
жерде жаткан жумуртка асманда учкан куш болот погов. лежащее на земле яйцо станет летающей в небе птицей;
жумурткадай семирген он стал кругленьким, как налитой (жирный);
жылкылар жумурткадай семиришкен кони стали как налитые (жирные);
жумурткадан кыр таап см. кыр I.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Куштардын, таш баканын жана жумурткалай турган кээ бир башка жаныбарлардын сырты кабык менен капталган, тоголок же сүйрүрөөк жумуру келген жаңы организм чыгаруучу уруктук заты. Тооктун жумурткасы. Уядагы жумуртка учкул кыраан куш болот (макал).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Канаттуулардын, таш баканын жана жумурткалай турган кээ бир башка жаныбарлардын сырты кабык менен капталып сүйрүрөөк жумуру же тоголок келген жаңы организм чыгаруучу уруктук заты, тукуму. Бирөө тоогун, бирөө жумурткасын сатып базарда бака-шака түшүп калышчу (Сасыкбаев). Жумуртканын агындай, Көз тайгылат денинен (Токомбаев). Жерде жаткан жумуртка – эртең учкан балапан (макал).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Азыркы түрк тилдеринде жумуртка сөзү ар түрдүү айтылат: хак. нымырха, башк. йомортка, түркм. йумурта, аз. йумурта, каз., ног. юмуртка, ккал. жумыртка, як. сымыыт, караим. йымыртга// йымыра//йумурта. Бул сөздүн келип чыгышын түшүндүрүү бир топ татаал. Анткени анын алгачкы түрү тыбыштык өзгөрүүлөргө учураган. Азыркы жумуртка сөзү—жумшак сөзү менен тектеш. Ал мындайча чечмеленет. Байыркы түрк тилинде йумрак, йумшак, йымшак, йымырка, йымыртга сөздөрүнүн баары азыркы кыргызча «жумшак» сөзүнүн маанисин берген (ДТС, 279, 267). Бул сөздөрдүн баары бир уңгудан келип чыгат. Эң алгачкы абалына жакыны хакасча нымырха варианты болгон деп эсептөөгө болот. Анткени байыркы түрк тилинде йумурка сөзү й тыбышын н тыбышына алмаштырып, нымырха болгон. Кыргыз, казак, кара калпак, ногой, башкыр тилдериндеги йумуртка//йомыртка вариантындагы сөз жогорку йумурка вариантынан башкачараак жасалган. Ал үчүн жумша этишинин келип чыгышына кыскача токтолууга туура келет. Байыркы түркчө йумша этиши йум+та морфемаларынан куралышы мүмкүн (Кудайбергенов, 1966, 160). Мындагы -та мүчөсү атоочтон этиш жасоочу -ла мүчөсүнүн варианты дешке болот. Түрк тилдеринде т тыбышы р же ш тыбыштарына алмашканы белгилүү (мисалы: тылда>шылта, атак// адак ~чув. ура). Ушундай кубулуштун натыйжасында йумта этишинен йумша жана йумра этиштери жаралган. Байыркы түрк тилдеринде йумра жана йумша варианттары жарыш колдонулуп келген. Алардан йумрак жана йумшак сөзү пайда болгон. Эң алгачкы йумта түрү йумра варианты менен контоминациялоодон йумурта этиши жасалып, андан йумуртка сөзү келип чыккан. Аяккы -ак тыбыштары метатезаланып, -ка түрүнө келип азыркы жумуртка сөзүнүн пайда болушуна алып келген. Көптөгөн мезгил өтүшү менен йумуртка сөзүнүн составында ртк деген үч үнсүздү катар айтуунун кыйынчылыгын жеңилдетүү үчүн кээ бир түрк тилдери к тыбышын түшүрүп, йумурта десе, кээси т тыбышын түшүрүп, йумурка түрүнө келтирген. Ушундай өзгөрүүлөрдүн натыйжасында азыркы жумшак жана жумуртка сөзүнүн теги боюнча бирдиги бузулуп, алардын ортосундагы семантикалык жана генетикалык байланышты сезүү кыйындап кеткен. Ошондой болсо да кыргыз тилинде тийип койсо эле жарылып калгандай жумуртка беле деген учурда жумуртка абдан жумшак нерсе катары бааланары даана көрүнөт.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жөнү жок жерден, болбогон жерден кемчилик таап, өөн таап, куру бекер кыйкымдай берүү. Жумурткадан кыр чыгарып, бир сөздөн миңдеген сөздү ырбатуучулар четтен чыгат го (Байтемиров). Жумурткадан кыр чыгарып, акты кара деген амалкөйлөрдүн бети ачылууда. В.: Жумурткадан кыр табуу. Демек алар жумурткадан кыр табууга аракет кылышат. Ал эми биз жумурткадан кыр таптырбас үчүн эмне кылуубуз керек? – деди Түлкүбек (Жантөшев). Алар кылдан кыйкым, жумурткадан кыр табат (Жантөшев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Экөнү жок жерден, болбогон жердей кемчилик таап, өөн таап, куру бекер кыйкымдай беруу. Жумурткадан кыр чыгарып, бир сөздөн миң деген сөзду ырбатуучулар четтен чыгат го (Байтемиров). Жумурткадан кыр чыгарып, акты кара деген амалкөйлөрдүн бети ачылууда («Ленинчил жаш»).