путник; жолоочунун жолдогусу жакшы, жолдо болбосо, үйдөгүсү жакшы погов. путник хорош в пути, а если не в пути, хорош он дома (т.е. если уж двинулся в путь, так нужно двигаться).
Жол жүргөн, сапарга чыккан адам, жүргүнчү. Жол кадырын жолоочу билет (макал). Түн көшөгөсү жолоочунун көзүн бүркөп, айлананы ага такыр көрсөтпөйт (Баялинов).
этиш. Жол жүрүү, бир жакка баруу үчүн жолго чыгуу. Жолоочулап бараткан, Бир акем кула атчан(Турусбеков). Үрүмчү, Манас, Кашкарга Жолоочулап келген деп(«Курманбек»).
ЖОЛООЧУ ЧЕГИ (САЙРАН ЧЕГИ) – соодага жатпаган, негизинен эларалык эсептешүү катары колдонулуучу төлөм документи (саякатчыларды валюта жактан камсыз кылуучу).