Толковый словарь кыргызского языка. 2015
филос. Болмуштун жана анын маани-маңызын, бардык түрдүү нерселердин, буюмдардын, учурлардын, түшүнүктөрдүн өз ара байланыштардын, өзгөрүүлөрүн жана аракеттенишүүлөрүн бириктирип турган онтология түшүнүгү болуп эсептелет.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
«Ыйламсыроо» маанисиндеги жашоору сөзү жаш+оору бөлүктөрүнөн куралган. Анын жаш уңгусу — «көздүн жашы» маанисиндеги сөз. Ошол сөзгө этиш жасоочу -оору мүчөсү жалганып, жашоору сөзү келип чыккан. «Көзүнө жаш алып сурануу, арыз-муңун айтуу» маанисиндеги сөз өзүнүн келип чыгышына туура келет. Анткени жашооруган киши чынында эле көзүнө жаш алып жиберет. Кыргыз тилиндеги жалоору, жалдыра, жалын, жалбар деген этиштердеги жал уңгусу л тыбышы менен айтылган жаш сөзүнөн келип чыгат. Байыркы кезде жаш сөзү жал түрүндө да айтылган. Ошол кезде жогорку этиштер жасалган.

Словарь переводов пользователей Эл-Создук

Elde Var Hayat - драма жанрындагы түркия телесериалынын кыргызча аталышы. 2010-2012-жж. тартылган. Башкы каармандарды ойногондор: Эмре Алтуг (Кенан), Рожда Демирер (Седеф), Ахмет Курал (Метин), Замире Зейнап (Айнур), Еве Караман (Кенандын баласы). Дагы кара: самын операсы; кыргызча-түркчө сөздүк