Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАРЫМ-ЖАРТЫЛАЙ КОНВЕРТИРЛЕНГЕНДИК (ЖАРЫМ-ЖАРТЫЛАЙ ӨЗ БААСЫНА КЕЛҮҮ) – валютанын ортолук режимде айлануусу. Жарым-жартылай өз баасына келүү бул валютанын белгилүү гана кармоочуларына таратылат жана айрым аткарымдар аймактык мүнөзгө ээ болушу мүмкүн, б. а. өлкөлөрдүн белгилүү чөйрөсү, жекече алганда валюталык аймактын алкагы менен чектелет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАРЫМ-ЖАРТЫЛАЙ ӨТҮМДҮҮ ВАЛЮТА – резиденттер үчүн жана алмашуу аткарымдарынын айрым түрлөрү боюнча валюталык чектөөлөр колдонулуучу өлкөлөрдүн улуттук валютасы; эреже катары, ал айрым чет өлкөлүк валюталарга гана алмаштырылат жана эларалык төлөм жүгүртүүсүнүн кээбир түрлөрүндө колдонулат.