ласк.
светик, миленький;
чоң жарыктык, баягы жарыктык см. чечек 1.
I зат. Улгайган, эски кишилерге карата урматтоо катарында айтылчу сөз. Жарыктык карыя, сиздин ал кездеги көргөндөрүңүздүн бүгүн бири да жок, мезгил өттү, турмуш кайрадан жаңырды («Ала-Тоо»). Жарыктык апамдын боорукерлигичи («Чалкан»).
ЖАРЫКТЫК II зат. Жарыкчылык; жакшы турмуш, жыргал турмуш, бакыттуулук; билимге, маданиятка ээ болгондук. Жарыктыкка чыгарды Жабыккан кыз-келинди (Үсөнбаев).
brightness (noun)
The amount of light that is emitted by a computer monitor or picture displayed on the monitor.
жарыктык (жарыкчылык), жарыктыкка
1. Көбүнчө улгайган, картаң адамдарга карата аёо, боор ооруу сезими менен сыйлоо, урматтоо иретинде. О, жарыктык! – деди кемпирди колунан сүйөгөн Шамбет (Сыдыкбеков). Жарыктык карыя, убараланбай эле олтурсаңызчы (Токомбаев). 2. Кандайдыр бир көрүнүшкө таң берүү, улуу деп санап кадырлоо, барктоо, ыйык көрүү маанисинде колдонулат. Мелтиреген жарыктык Белгилүү Соң-Көл көл аман (Тоголок Молдо). Олжодо жүргөн Кылкүрөң, Айбандан эстүү жарыктык, Бура тартып, булт койду («Сейтек»).
Жарык дүйнө, жарыкчылык, жарык турмуш. Жарыктыкка чыгарды, Жабыккан кыз келинди (Үсөнбаев). Караңгы тамда жатканда, Кайрылып элди көрсөм деп, Жарыктыкты тилегем (Токтогул).