Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Бирөөгө кандайдыр бир иш боюнча жардам көрсөтүүчү, жардам бере турган адам.
2. Кандайдыр бир ишке жетекчилик кылган же ал иштин негизги аткаруучусу болгон адамга баш ийген, ага жардам бере турган, айрым учурда анын орун басары катарында милдет аткара турган адам. Машинисттин жардамчысы. Мастердин жардамчысы.
¨ Жардамчы сөздөр — өзүнчө лексикалык мааниге ээ болбогон, негизги сөздөрдүн арасындагы байланышты гана билдирип, грамматикалык мааниде гана колдонулган сөздөр (мис., байламталар, жандоочтор ж.б.).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бирөөгө кандайдыр бир иш, жумуш боюнча жардам көрсөтүүчү, көмөктөш болуп кол кабыш кылып, кошо иш жүзүнө ашыруучу. Токторго аялы жумушта эң ишеничтүү жардамчысы болду (Абдукаримов). 2. Кандайдыр бир ишке жетекчилик кылган же ал иштин негизги аткаруучусу болгон адамга баш ийип, ага жардам бере турган, айрым учурда анын орун басары катарында милдет аткара турган адам. Машинисттин жардамчысы. Мастердин жардамчысы. || Керкибай райондогу мекемелердин биринде жардамчы бухгалтер (Каимов). 3. Негизгисинен тышкары кошумча. Жардамчы суроолор берүү.