Киргизско-русский словарь Юдахина
жарактуу I
и. д. от жарактан-.
жарактуу II
1. годный, пригодный,
жумушка жарактуу работоспособный;
2. то же, что куралдуу;
жарактуу күнү жоо келбейт погов. когда (человек) вооружён, так и враг не приходит.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I сын. Куралдуу, колунда курал-жарагы бар, куралданган. Жарактуу отряд. Ал экөөнүн артында жарактуу көп киши (Жантөшев). Жарактуу күнү жоо келбейт (макал).
ЖАРАКТУУ II сын. Жарамдуу, жарай турган; алгылыктуу. Жумушка жарактуу. Жарактуу кептен ырдады (Осмонкул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Пайдаланууга, колдонууга жарай турган, керектүү, жарамдуу. Кайсы печка жарактуу, кайсынысын ремонттоо керек, кээ бирөөнү бузуп жаңы салына тургандыгын кеңешишти (Бейшеналиев). 2. Куралдуу, колуна курал алган, курал-жарагы бар, куралданган. Элүүдөн ашык өң жарактуу кишилер Асантай тобун курчай калышты (Сыдыкбеков). Жарактуу кол куралсын аба! (Турусбеков). Черновдун эшигинин алдында жарактуу бир солдат турат (Жантөшев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАРАКТУУЛУКТУН КЕПИЛДИК МӨӨНӨТҮ – даярдап чыгаруучу тарабынан белгилүү бир убакыт ичинде баардык белгиленген стандарттар же башка милдеттүү эрежелер так сакталганда гана, продукциянын колдонуу көрсөткүчтөрү менен керектөө касиеттери жарактуу боло турган мезгил аралыгы Ж. к. м. продукция чыгарылган күндөн колдонууга жарактуу боло турган күнгө чейинки, же болбосо колдонууга жарактуу боло турган мезгилге чейинки мезгил аралыгы менен белгиленет. Ж. к. м. өткөндөн кийин, адатта, продукция өзүнүн керектөө касиетин жоготот жана ал өз багытында колдонуудан чыгат (м.: батарейка, дары-дармек ж. б.).