Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Арасы алыс эместик, ыраак эместик. Силерге караганда шаар бизге жакындык кылат. Мектептин жакындыгы балдарга жакшы (Сыдыкбеков).
  1. 2.                  Туугандык, тууган-туушкандык, достук. Пролетариаттык жакындыктан пайда болгон сезим («САЖИ»).
  2. 3.                  Типтештик, тектеш, окшош болгондук, айырмасы аздык. Тилдердин жакындыгы. Ой-пикирлери, санаалары бири-бирине жакындык кылбаса, экөөнүн мынчалык достошуп кетиши эч мүмкүн эмес эле («Чалкан»).
  3. 4.                  Бир нерсеге шыгы бардык, шыктуулук, катышы барлык. [Аманкул].. китеп, газета, журнал менен жакындыгы жок адам (Убукеев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Арасы алыс эместик, чукулдук, ыраак эместик. Силерге караганда, шаар бизге жакындык кылат. 2. Туугандык, тууган-туушкандык, жакшы жолдоштук, достук. Асан Сабырга жакындык кылды («Ала-Тоо»). 3. Типтештик, тектеш, окшош болгондук, айырмасы аздык. Тилдердин жакындыгы. || Ой-пикирлери, санаалары бири-бирине жакындык кылбаса, экөөнүн мынчалык достошуп кетиши мүмкүн эмес эле («Чалкан»).4. Бир нерсеге шыгы бардык, шыктуулук, катышы бардык. Амантур китеп, газета журнал менен жакындыгы жок адам (Убукеев).