Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Мактоо, жактыруу, бирөөнүн же бир нерсенин жакшы атагын чыгаруу.
  1. 2.                  Бир нерсенин сапатын жакшыртуу, мурдагысынан жакшы кылуу. Жалпы журтка пайдалуу Жакшылап чексең тегирмен (Токтогул).
  2. 3.                  Түзүктөп, ойдогудай кылып иштөө, аткаруу. Акылыңды жыйнап, шашпай, жакшылап жооп бер (Жантөшев). Айтыша көр жакшылап, Жаңылышсаң куурадың! (Аалы). Тапшырайын төрт жолдош, Жакшылап баккын энемди («Кедейкан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бирөөнүн же бир нерсенин жакшы жагын чыгаруу, жакшы сапаттарын көрсөтүү. 2. Бир нерсенин сапатын мурункусуна караганда түзүк кылуу, дурустап оңдоп коюу. Башкарманын кабинети жакшылап жасалган (Жантөшев). Силер аны жакшылап уюштургула. 3. жакшылап формасында. м. Дурустап, түзүгүрөөк, жакшы, көңүлгө толо тургандай. – О, кадырман достум, келчи жакшылап. көрүшөлү! (Абдукаримов). Акылыңды жыйнап, шашпай жакшылап жооп бер (Жантөшев).