этиш. 1. Тартипке салуу, жөнгө салуу, орду-ордуна коюу; башкаруу. Жөн билги топ башкарган сүйлөп бак-бак, Жайгарып келгендерди жүрөт баштап (Абдыраманов). Бригадир топучан сылтып баскан, Жайгарып шашып жүрөт «болгула» деп (Абдыраманов).
2. Сооротуу, тынчтантуу. Элдин көңүлүн жайгарды. Калың кыпчак көп элди Эр Олжобай жайгарган («Олжобай менен Кишимжан»).
привести в порядок, наладить.
1. Жайлаштыруу, тейлөө, тартипке салуу, жөнгө салуу. Жаткан экен Кулжыгач, Өз элин өзү жайгарып («Олжобай менен Кишимжан»). Көсөл атасынын жоктугун билгизбей жумуштарынын баарын жайгарып коёт (Каимов). 2. Сөз менен көңүлүн көтөрүп, ыраазы кылып коюу, ынандыруу, көңүл сооротуу, тынчытуу. Тамаша кылам, аксакал, кемчилик кимдин башынан өтпөйт – деп Барпы сөз менен жайгарды (Байтемиров). Баары билет, баары күйөт, кайгырат. Бирин бири калп чыгар деп жайгарат (Нуркамал).
1. упорядоченность, устроенность, налаженность;
2. способность приводить в порядок, устраивать.
жайгар этишинин кыймыл атоочу.
жайгар этишинин кыймыл атоочу.
жайгар этишинин туюк мамилеси. Тапшырылган жумуштун баары жайгарылып бүттү.
жайгар этишинин кош мамилеси. Үй оокаттарын жайгарышып коюп, коңшу аял жаңы эле кеткен. («Ала-Тоо»).