Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Аалам, бүт жер жүзү. Ушул туунун шооласынан өркүндөп, Бүт дүйнөгө өчпөс эрктин таңы атты (Турусбеков). Бүткүл дүйнө пролетарлары.
2. Дүнүйө. Жаныңа жагып турабы, Элимдин дүйнө бергени (Токтогул).

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
дүйнө (аалам)
дүйнө астын-үстүн болуу
дүйнө жактары
дүйнө капар
дүйнө күл
дүйнө күн
дүйнө мегафизикасы
дүйнө огу (геог.)
дүйнө өмүр
дүйнөгө көз караш
дүйнөдөн кайтуу
дүйнөдөн так өтүү
дүйнөнүн илимий сапаты
дүйнөкор

Киргизско-русский словарь Юдахина
дүйнө, дүнүйө
ар.
1. мир, свет, вселенная;
дүйнө бөлүктөрү части света;
дүйнө жактары страны света;
дүйнөнү төрт айлансаң да, таппайсың хоть четыре раза вокруг света обойди, не найдёшь (такого);
2. клад, сокровище, драгоценность;
дүйнө тапты
1) он клад нашёл;
2) перен. ему счастье привалило;
дүнүйөлөрүнүн кымбаты - жылан терисинен жасалган туш кийиз самое дорогое из их имущества - туш кийиз (см. кийиз) из змеиной кожи;
кан жардын түбүнөн дүнүйөсүн каздырып, ташытып алды фольк. хан приказал вырыть из-под обрыва драгоценности свои и перевезти их (к себе);
3. богатство, блага жизни;
Көкөтөйдүн дүйнөсү көлдөй жайнап толуптур фольк. богатства Кокетея были несметны (букв. как озеро полное до краёв);
келериңде дүнүйө байгеден чыккан аттайсың, кетериңде дүнүйө мөмөсү түшкөн шактайсың фольк. когда ты, богатство, приходишь, подобно ты коню, опередившему на скачках; когда ты, богатство, уходишь, подобно ты ветви с опавшими плодами;
дүйнө чач- мотать, щедро расходовать, транжирить богатство;
чын дүнүйө истинный мир, этот мир;
а (или ал) дүнүйө или тиги дүнүйө тот (загробный) мир;
бул дүнүйө или груб. бок дүнүйө или дүйнө бок (дерьмо мир) или беш күндүк дүнүйө (пятидневный мир) или жалган дүнүйө (ложный мир) этот мир (в отличие от загробного);
түбү жыртык дүйнө превратный мир;
дүнүйөнүн түбүнө жетпейсиң всего богатства не заберёшь (говорят стяжателю, который стремится захватить болыие и больше, или тому, кто не думагт, что жизнь его будет иметь конец);
дүйнө күн жизнь со всеми её превратностями и лишениями;
эки дүйнөдө тең жүзүбуз кара болсун! да падёт на наши головы позор в обоих мирах! (в этом и в том);
сенден эки дүнүйөдө ыразымын я доволен тобой всегда и во всём;
а дүйнө бетин көр- или а дүйнө жүзүн көр- умереть (букв. увидеть лик того света);
а дүйнө жүзүн көрдү он умер (букв. он увидел лик того света);
дүйнөдөн кайт- скончаться (букв. возвратиться из этого мира);
дүйнө менен иши жок мирские дела его не интересуют; он не от мира сего;
мейли, кайда калбаган дүнүйө! где наше не пропадало!;
дүр-дүйнө см. дүр II.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бырын-чырын болуу, быт-чыты чыгуу, ызы-чуу түшүү. Дүйшөнкулдун көз алдында дүйнө астын-үстүн болот (Осмоналиев). Дүйнө астын-үстүн болуп, жер көчүп бараткансып кулак-башы чуулдайт (Айтматов). В.: Дүйнө астын-үстүн түшүү. Мындан башкача болууга да тийиш эмес эле, андай болгондо дүйнө астын-үстүн түшүп, аңтарылып кетмек.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өлүү, каза болуу, көз жумуу. Энең болсо былтыр ушул маалда дүйнөдөн кайткан (Сасыкбаев). Ал дүйнөдөн кайткандан бери бул көнүмүш Шааркандын турмушуна жаңыдан пайда болду (Мавлянов). Отуз эки жашыңда өтүп кетти дүйнөдөн (Тоголок Молдо). В.: Дүйнөдөн жүз үйрүү. Жазмыш ошол белем, кайран Домбу бул дүйнөдөн жүз үйрүп бизди таштап кетти (Касымбеков). Дүйнөдөн өтүү. Бир элге «датка айым» атанган, токсон алты жыл өмүр сүргөн кадырлуу Курманжан дүйнөдөн өткөнүн айткан биринчи кабар уездин акими Авров төрөгө жөнөтүлдү (Касымбеков). Бейли жумшак кебезден, Бул дагы өттү дүйнөдөн (Токтогул). Дүйнөдөн нечен түркүн жандар өткөн, Кылычынан кан тамган хандар өткөн.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Эч кандай жаман ишке барбай, күнөөлүү иш жасабай таза өтүү. 2. Үйлөнбөй, турмушка чыкпай өмүр сүрүү. Жашы кыркка чыкса да эмгиче үйлөнбөдү, бул бала дүйнөдөн так өтөм деп жүрөбү (“Ала-Тоо”). Чын эле дүйнөдөн так өтөмбү (Каимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Эч кандай жаман ишке барбай, күнөөлүү иш жасабай таза өтүү. 2. Үйлөнбөй, турмушка чыкпай өмүр сүрүү. Жашы кыркка чыкса да эмгиче үйлөнбөдү, бул бала дүйнөдөн так өтөм деп жүрөбү («Ала-Тоо»). Чын эле дүйнөдөн так өтөмбү (Каимов). В.: Так өтүү. Өмүрүндө так өткөндөр жок дейсиңби («Чалкан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эчтеме менен иши жок, эчтемени ойлобогон, эч нерсени капарына, көңүлүнө албай жүрө берген. Балдар дүйнө капар ойноп жүрүшөт («Ден соолук»). Дүйнө капар көңүл бош (Элебаев). В.: Дүнүйө капар. Сен да бир дүнүйө капар адамдын сөзүн сүйлөп коймоюң бар экен («Ала-Тоо»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДҮЙНӨЛҮК ВАЛЮТА ТУТУМУ – эларалык экономикалык байланыштар шарттаган валюта-экономикалык мамилелердин жыйындысы. Д. в. т-н түзгөн нерселер: эларалык төлөм каражаттарынын белгилүү топтому (улуттук, чет өлкөлүк, эларалык жармакташ валюта); валюта курсун жана валюта теңдештигин камтуу менен валюта алмаштыруу режими; өтүмдүүлүк шарттары; эларалык жүгүртүүдөгү валюталык-төлөм каражаттарын камсыздоо жолдору; эларалык эсептерди регламенттациялоо жана бирдейлөө түрлөрү; валюта менен алтындын эларалык базар режими; эларалык жана улуттук банк мекемелеринин тармагы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Турмуш акыйкатына карата мамилени аныктоочу көз караштардын, ынанымдардын системасы. Диний дүйнө тааным. Илимий дүйнө тааным. Ооба, «Ала-Тоо» аянтына кыргыздын байыртадан келаткан дүйнө таанымын көрсөтө турган элестүү чыгармалар керек болчу (Кадыралиев).