Киргизско-русский словарь Юдахина
1. сознание; ум; помыслы;
далайлардын дээринде бар (об этом) многие помышляют;
дээринде жок болгондон кийин айткан менен пайдасыз раз у него от рождения нет ума, то сколько ни говори, толку не будет;
2. способность;
дээри жок, кантип окуйт? как он будет учиться, ведь у него нет способностей?

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Акыл, эс, зээн, акыл жөндөмдүүлүгү. Дээринде бар азаматтар бармактайынан сергек жана ышкылуу болуп, укканын жаза кетирбейт. (Каимов). Көкүрөгү тунук, дээринде бар балдар (Сыдыкбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. почти, можно сказать;
жок дээрлик можно сказать, что нет (так мало);
толук дээрлик камсыз можно сказать, что полностью обеспечено;
2. в должной степени; значительно;
бул жумуш дээрлик даражада жолго коюлбай жатат это дело в должной степени не налажено;
сабактарынан жетишпөөчүлөрдүн саны дээрлик азайды число неуспевающих (учеников) значительно уменьшилось.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Деп айтарлык, деп айтышка болорлук. Отряддагылар бүт дээрлик топтолуп калыптыр (Таштемиров). Төл чыгашага учураган эмес дээрлик.
2. Ар дайым, такай. Дээрлик болуп туруучу окуялар. Дээрлик келип-кетип туруу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Деп айтарлык, деп айтышка болорлук. Кулбашты кыштактагылардын бардыгы дээрлик урматташчу (Абдукаримов). 2. Ар дайым, такай, дамаамат, толук деп айтарлык, бир аз жете бербеген өлчөмдө. Дээрлик болуп туруучу окуялар. Керим сабакка дээрлик үзбөй катышты. Жүзүмдөр өтө чоң болуп кеткендиктен, короонун ичин дээрлик каптап турат (Жантөшев).