Киргизско-русский словарь Юдахина
деле I
то же, что дегеле;
деле жаман эмес совсем неплохо;
деле, деле! никак!, ни за что!, даже и не думай!
деле II
(да-эле)
и, тоже, также;
мында деле и здесь; здесь также;
өткөн жылкынын баары бүгүн деле ойдо всё прошлогоднее и сегодня ещё в памяти;
бөбөктөрүбүз деле, агаларыбыз деле и младшие наши братья, и старшие;
андан деле, мындан деле и оттуда и отсюда;
а деле и он тоже;
суранса - суранып, суранбаса жөн деле кете берет спроситься - так спросится, а то и не спросясь уходит;
ушу деле жарайт сойдёт и это, годится и это (большего, лучшего и не требуется);
бул - сыр деле эмес да это и не секрет; и вовсе это не секрет;
ансыз деле билем я и без него (или без того) знаю;
шек санабай койсо деле болот можно и вовсе не сомневаться.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кыргыз тилинде дагы эле, да эле сөздөрүн бириктирип, деле түрүндө айтса да болот. Булардын бөлөк айтылган жана биригип айтылган түрлөрү жарыш колдонула берет. Бириккен түрү бөлөк айтылганынан келип чыгат: дагы эле-->дале; да эле-->деле.

Киргизско-русский словарь Юдахина
возбуждение, интерес;
делебеси козголду или делебеси кызыды он возбуждён; он проявляет большой интерес;
делебеси козголуп да койбойт у него (это) не вызывает никакого интереса.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Кызыгуу, кумардануу сезими. Күлжандын сыпайы гана мамилеси Сарымсаковдун делебесине муздак суу бүрккөндөй болду (Байтемиров). Күү делебени козгоп, бой чымыратып, кайрат берүүдө (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсенин таасиринин натыйжасында козголгон эргүү сезими. Комуздун кереметтүү үнү, күүнүн шаңдуулугу жигиттердин делебесин козгоп, көңүлүн эргитет (Абдукаримов). Делебени козгоп, радиодон кандайдыр бир сонун музыка ойнолду (Баялинов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ээлигүү, ээленүү, умтулуу деген маанилерде колдонулат. Бирөөнүн жарык дүйнөгө келгенине өзүнчө эле кубанып, ошол чоң кубанычын ар кимге бөлүштүрүп, кабар салып жүргөн уйчуман баланын сөзү делебемди козгоп кетти (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Кандайдыр бир уюмдун, мекеменин, коллективдин шайланган же дайындалган өкүлү. Топпгошуп тынчшык туусуна, Делегат келер миңдеген (Нуркамал) Съездге республикабыздын бардык райондорунан делегаттар келишти («Кыргызстан пионери»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕЛЕГАТ (лат. delegatus – жөнөтүлүүчү) – мамлекеттин, уюмдун, жамааттын шайлануучу же дайындалуучу ыйгарым укуктуу өкүлү. КР мыйзамдарында «Д.» аталгысы көбүнесе курултай же конференция катышуучуларына карата колдонулат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕЛЕГАТ (лат. delegatus – жөнөтүлүүчү) – мамлекеттин, уюмдун, жамааттын шайлануучу же дайындалуучу ыйгарым укуктуу өкүлү. КР мыйзамдарында «Д.» аталгысы көбүнесе курултай же конференция катышуучуларына карата колдонулат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨТМӨ МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУЧУЛУК – биркатар өлкөлөрдө (Франция, Италия, Испания, Польшада) парламенттин тапшыруусу боюнча президент, өкмөт тарабынан иш жүзүндө мыйзам күчүнө ээ ченемдик укуктук актыларды чыгаруу. КР ЖК өзүнүн мыйзам чыгаруу ыйгарым укугун 1 жылдан ашык эмес мөөнөттө КР Президентине өткөрүп бере алат. Мындай учурда Ө. м. ч. мыйзам күчүнө ээ жарлыктарды кабыл алуу менен ишке ашырылат. КР Президенти менен КР Өкмөтү укук чыгаруучулук ыйгарым укуктарынын айрым бөлүгүн өзүнө таандык органдарга өткөрүп берүүгө акылуу.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ср.
1. (на части) бөлүү, бөлүштүрүү, үлөштүрүү;
2. мат. бөлүү;
3. биол. бөлүнүү;
4. (на шкале) бөлүк;
ртуть в градуснике поднялась на два деления градусниктеги сымап эки бөлүккө көтөрүлдү.

Русско-кыргызский словарь биологических терминов и названий животных Алдашева (1998)
(цит.) клетканын бөлүнүшү; көбөйүү процессинде клеткалардын бөлүнүшү. Д. митотическое — к. Митоз; д. множественное — к. Шизогония, д. непрямое к. Митоз; д. поперечное — туурасынан бөлүнүү, жандыктардын жыныссыз көбөйүшүнүн бир жолу; кээ бир жандыктар, мисалы, деңиз жылдыздар денесин туурасынан экиге бөлүп, жыныссыз көбөйүшөт; д. продольное - узунунан бөлүнүү, жандыктардын жыныссыз көбөйүшүнүн бир жолу. Мында жандыктын денеси узунунан экиге бөлүнөт (мисалы, актиниялар); д. простейших — жөнөкөйлөрдүн бөлүнүшү, жөнөкөй жандыктардын көбөйүү жолу, д. прямое — к. Амитоз; д. редукционное — к. Мейоз; д. эквационное — эквациялык бөлүнүш, мейоздук бөлүнүштүн бөтөнчө бир түрү; д. ядра — ядронун бөлүнүшү, клеткалардын көбөйүү процессиндеги бир көрүнүш.