Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Дарым жолу менен эмдеп-домдоо. Ушуну менен дарымдап койбосом чочуп калдым («Советтик Кыргызстан»). 2. сүйл. Жалпы эле дарылоо. Врач Дадашовду күндүр-түндүр дарымдап, жан алакетке түшүп жүрөт (Бектенов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
адаб. Адам ооруганда, аны жылан же кара курт чакканда, башка бир кеселге же кырсыкка дуушарланганда айыктыруу же ууну, дартты чыгаруу үчүн атайын дарымчы адамдар тарабынан аткарылчу ырлар. Жылан чакканда айтылуучу дарым: «Кереч, кереч, кер жылан, Керегедей бир жылан. ...Чоң атаңда доом бар, Доолашайын бери чык. ...Ажыдаардай ак жылан, Арбашайын бери чык!» (Элдик ыр).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от дарымда-;
бирөөнү жылан чакса же тиши ооруса, ал Орузбайды чакыртып дарымдатат когда кого-нибудь укусит змея или у кого-нибудь заболят зубы, он приказывает позвать Орузбая и поручает ему лечить способом дарым.