Киргизско-русский словарь Юдахина
1. отдел, часть;
эл агартуу бөлүмү отдел народного образования;
саясий бөлүм политический отдел, политотдел;
кириш бөлүм вводная часть;
орток бөлүм мат. знаменатель;
орток бөлүмгө келтирүү мат. приведение к общему знаменателю;
2. недостаток, дефект;
кийген тондо бөлүм жок фольк. в его верхней одежде изъянов нет.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көп бөлүктөн турган имараттын, үйдүн, курулуштун ж.б. ички бөлүнгөн бөлүктөрү. 2. Чыгарманын, китептин ж.б. негизги ири бөлүктөрү. Оюн башталды. Биринчи бөлүмү бүттү (Касымбеков). 3. Борбордук мекемеге, ишканага же борбордоштурулган уюмга баш ийүүчү анын айрым тармагы. Жергиликтүү байланыш бөлүмү. Райондук элге билим берүү бөлүмү. Кадрлар бөлүмү.