Киргизско-русский словарь Юдахина
часть
в разн. знач. отдел, раздел; деталь (механизма);
машина бөлүктөрү части машины, детали машины;
запастык бөлүктөр запасные части;
дүйнө бөлүктөрү части света;
тылдагы бөлүктөр воен. тыловые части;
уставдын кириш бөлүгү вводная часть устава.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Бир бүтүн нерсенин бөлумү, бөлүндүсү. Советтик көркөм чыгармачылыктын ажырагыс бир бөлүгү кыргыз совет искусствосу (Аалы). Запастык бөлүктөр да сатылып алынган («Ала-Тоо»).
  1. 2.                  Белгилүү бир чыгарманын композициялык жактан ажыратылып турган айрым бөлүмдөрү, үзүндүлөрү.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бүтүндүн өз ара бөлүнгөн айрым бөлүндүсү. Бир алманы экиге бөлүп, бир бөлүгүн мага берип, бир бөлүгүн өзү жеди. || Машинанын ж. б. айрым тетиктери же айрым тетиктерден турган жабдуулары. Машинанын запастык бөлүктөрү. 2. Айрым аскер топтору, өзүнчө бир бирдикти түзгөн аскер күчтөрү. Омор танк бөлүгүнүн командиринин маңдайында анын салмак менен айткан сөзүн угуп турду (Бөкөнбаев). Барыпсың башка бөлүккө, Баатыр өскөн жаш арстан (Үмөталиев). 3. Чыгарманын композициялык жактан ажыратылып турган айрым үзүндүсү.