Киргизско-русский словарь Юдахина
билерман, билермен
знающий, сведущий, обладающий большими знаниями; знаток;
билерман болсо иниси, бийлейт экен агасын фольк. когда младший брат много знает (букв. знаток), он управляет своим старшим братом;
журт билермендери или эл билермендери люди, пользующиеся в обществе авторитетом и влиянием;
бир үйдүн билермени играющий главную роль в доме.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Башкарып-тескөөчү, белгилүү бир топтун, уруунун ж. б. иштеринин жөн-жайын жакшы билген башкаруучу, алардын эркин билдирип бийлөөчү. Эртеси эки жактан эл билермандары баш кошуп сүйлөшүп, бүтүм чыгарышты (Элебаев). Бий, болуш, манаптар өңдөнгөн кыргыздын эл билермандары болсо көпчүлүккө эриксиз баш ийип калган эле (Элебаев). 2. Иштин көзүн тааныган билгич, көптү билген, билеселүү, акылман. Ал ар нерсени өз ордуна коё билген билерман жетекчи («Кыргызстан аялдары»). Зайып болсоң да элибиздин билерманы бол (Сыдыкбеков).