Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. бил II этишинин аркылуу мамилеси. Ойдо жок сөздү билдирип, Чериңди жазат күлдүрүп (Тоголок Молдо). 2. Туюндуруу, сездирүү, кабарлоо. Эрктүү кыргыз элиме Кат аркылуу билдирдим (Барпы). Мусабек небересине Азатбек деп ат коюуну каалагандыгын билдирди (Сасыкбаев). Ызакул чын жүрөгүнөн ыраазылыгын билдирип жүрүп кетти (Бейшеналиев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БИЛДИРҮҮ – чыгармаларды, үндөктөрдү, аткарылыштарды, коюлуштарды обо же кабель аркылуу көрсөтүп-уктуруучу уюмдардын берүүлөрүнүн, калктын аларды иш жүзүндө кабыл алышына көзкарандысыз түрдө, адамдардын угуу жана/же көрүү сезимине жеткиликтүү болуп калгандай кылып көрсөтүү, аткаруу, обого чыгаруу же башка аракет жасоо (чыгарманын нускаларын же үндөктүрдү таркатуу буга кирбейт).