Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. бетте этишинин кош мамилеси. 2. Бетме-бет чыгуу, бетме-бет келип кармашуу, салгылашуу. Бакбур менен беттешип, Сайышкан адам оңбоптур («Курманбек»). 3. Бетме-бет абалда болуу, бетме-бет абалда жолугушуу, кездешүү. Ушул суудан кечпесем, Карап турган кыздарга, Уялбай кантип беттешем («Семетей»). Шыңгыратып бокалды, Нечен ирет беттештик (Токомбаев). || Спорттук оюндарда, мелдештерде жеңишке жетишүү, күч сынашуу максатында бири-бири менен таймашуу. Биз бүгүн волейбол боюнча № 6 мектептин окуучулары менен беттешебиз («Жаш ленинчи»). || Суракта же бир иштин чындыгына жетүү максатында бири-бири менен бетме-бет, көзмө-көз туруп айтып берүү. Суракта беттешип, мойнуна коюу.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)

БЕТТЕШТИРҮҮ – мурда сурак берип, алардын көрсөтмөсүндө эки ача карама-каршылык чыккан учурда, бир эле мезгилде 2 адамдын сурак бере турган тергөө иши. Атайын өзүнчө өзгөчөлүккө ээ болгон сурактын бир түрү.