Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
(или беш бетер или анан бетер или ого бетер)
и того больше, ещё больше (лучше, хуже, сильнее и т.п.);
дагы ого бетер мыкты иштейбиз будем работать ещё лучше;
алдынкы методдору жылкы багууну мындан бетер өйдөлөтүүнү камсыз кылды их передовые методы обеспечили ещё больший рост коневодства.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чыгыш жөндөмөдөгү атоочтор менен же тактоочтор менен айкалышып, салыштыруу, күчөтүү маанисин берет. Менден бетер сен да ачуулуу белемсиң? (Сасыкбаев). Маңдайдан сылаган энеден бетер, бул сыдырым бир мезгил – үстүнөн калкып өтөт (Сыдыкбеков). Жаан баягыдан бетер лыпылдап төгүп кирди (Байтемиров). Жылдызкан мурдагыдан бетер чыңалды (Байтемиров).