аяр I ар. волшебник, кудесник, чародей; провидец, прозорливый; искусник; ою терең аярлар фольк. мудрые кудесники; Коңурбайдын көп аяр калбай даяр болуптур, аярдын соккон ак балта ушу күнү бүтүптүр фольк. большое число искусников Конгурбая было налицо, выкованная искусниками белая секира была в тот день готова; аяр жуван южн. мастерица, искусная рукодельница; аяр тарт- быть предусмотрительным. аяр II то же, чтоаял I; акырын алачыкка жетип келдим, түлкүдөй аяр басып шарпа кылбай стих. тихонько подошёл я к шалашу, ступая осторожно и бесшумно, как лиса; Сапарбай, аяр басып үйгө кирди Сапарбай неслышными шагами вошёл в дом.
Iсын. Айлакер, сыйкырчы, келечегин алдыртан ойлой билген амалкөй. Сыйкырчы кемпир бар эле, Эл азгырып бүлдүргөн Абдан аяр жан эле («Эр Төштүк»). Ашкан аяр Карагул, Алгараны алкынтып, Өзү минип бастырды («Семетей»).
АЯРIIаялII менен бирдей.
АЯР — эпосто бардык иш колунан келген, дегеле билбегени жок сыйкырдуу касиети бар адам: «Актарга мылтык оңдогун Аярың болсо жоктогун», же «Аяр Култаң барганы айтып кабар салганы» (Сагымбай Орозбаков, 2. 72). А. эпос боюнча кыргыздарда да, алардын душмандарында да болгон. «Манастын» варианттарында А. деген сөз ар түрдүү мааниге ээ: коргоочу, сактоочу, сыйкыр, сыйкырчы, кандайдыр дубанын күчү менен өз каалаганын ишке ашырып алуу касиетине ээ болгон адам жана башкалар Ал «Манас» эпосуна араб-фарсы адабиятынын таасири менен кирген. А. араб тилинде митайым, шүмшүк, эр жүрөк, бекерчи, ууру, уюштургуч деген маанидеги түшүнүктөрдү билдирет. Мисалы, орто кылымдарда А-лар Рудакиде, Ирандын эски тарыхый чыгармасы «Тарих-е Систанда», «Саман аяр» деген 11-кылымдарда жазылган фарсы дастанында жана башкалар чыгармаларда чагылдырылып, чындык турмуштагы эле адамдар болгон. Алар уурулук, каракчылыкты мамлекетке кызмат өтөө менен айкалыштырышкан. Ошентип, орто кылымдардагы Орто Азия аймагында тараган чыгармалар аркылуу кыргыз жомокчулары өздөрүнүн репертуарына акырындык менен киргизип отуруп, кийинчерээк «Манас» эпосунун нукура сиңип кеткен сөзү катары айтылып калган.
И. Молдобаев
1. Куу амалдуу, шылуун, митайым. 2. Сыйкырчы дубакөй, каалаганын болтуруучу сырдуу дубаны – атайын окууну билген адам. Аяр экен акыр деп («Манас» С. О.). Төгөрөктөн кабардар Төрт аяры дагы бар («Манас» С. О.). Алтымыш аяр, миң балбан, Арстан өзүм баш болуп («Манас»). 3. Алды-артын байкап иш кылган кыраакы, этиет. Алооке деген хан экен, Аяр чалыш жан экен («Манас»). Ашкан аяр Карагул, Алгараны алкынтып, Өзү минип бастырды («Семетей»). Эне Татыбектин кыжырына тийбөө үчүн аяр мамиле кылды (Байтемиров). Аяр басып, алдыртан карашып, кыздар, келиндер киришти (Сыдыкбеков).
1. медлить, мешкать; бир аз аярдай калып несколько помешкав, подождав; аярдабай аттанып кетти не медля, он сел на коня и уехал; 2. действовать осторожно, осмотрительно; применять уловки, изловчаться; сыр найзаны таянып, издей басып аярдап фольк. опираясь на крашеную пику и осторожно выслеживая; аярдап терезени чертти: "тык-тык" стих. осторожно постучал он в окно: "тук-тук"; аярдап бас иди осторожней.
1. Этият кылуу, абайлоо, чебердөө. Кузьма көчүгүн басып, колундагы түйүнчөгүн жерге аярдап койду (Сасыкбаев). 2. Токтоо, күтө туруу, аяңдоо, аялдоо. Баягы Гаврил айткан эки айрылышка келгенде, тору аярдай калды (Элебаев). Аярдабай аттан деп, Кудаке аралап элди кирди дейт («Олжобай менен Кишимжан»).
аярда этишинин өздүк мамилеси. Ат откоруп, тынч алып Аярданып турбайлы («Олжобай менен Кишимжан»). Аста басып аярданып, Тура турчу, сулуу кыз (фольк.).
аярдык I 1. ясновидение, прозорливость, провидение, проницательность; аярдык көзүн салыптыр, айбатын көрүп Алооке, айран-азыр калыптыр фольк. взглянув прозорливым оком, Алооке увидел грозность (Манаса) и растерялся; 2. то же, что айлагердик. аярдык II осторожность, опаска; "кебиңди токтот, Чаргын!" - дешип, ар ким-ар кимдер, ага аярдык менен карашты "замолчи, Чаргын!" - сказали все и с опаской посмотрели на него.
то же, чтоаярда-; дабыш чыгарбай, аярлап басып, терезеге жетти бесшумно, осторожно ступая, он подошёл к окну; "келип калар" деген үмүт менен биз ошол арада аярладык в надежде, что он придёт, мы там немного задержались.