этиш. Токтоло туруу, күтө туруу, жай тартуу. А биз мында аялдап, Арттан бир аз кабар алып кайталык («Ала-Тоо»).
медлить, мешкать;
үч күн аялдай турсаңар, бирге барабыз если вы подождёте три дня, то мы отправимся вместе;
аялдабай немедленно;
атты минип алыңар, аялдабай салыңар фольк. садитесь на коней и немедленно отправляйтесь.
Акырындоо, жайлоо, токтой туруу, аяңдоо, аярдоо.
остановка (напр. автобусная)
Кыргыз тилинде арап тилинен кирген эки омоним сөз бар: аял I «жайлоо, акырындоо» Астындагы Көктеке, аял кылып турбады, аткан октой чурады (фольклор); аял II «катын, зайып»; Аял жакшы – эр жакшы (макал).
Биринчисинен аялда «жайла, акырында» деген туунду этиш жасалып, андан «остановка» маанисиндеги аялдама деген сөз пайда болгон. Көрүнүп тургандай, мында «токтоо» деген маани жок, ошондуктан маани-маӊызды так бере албайт. Балким, ушул себептен улам көп колдонулбай, анын ордуна орусчасын айтып келе жаткандырбыз деген ой келет. Кызык жери, К.Юдахиндин 1965-жылы чыккан «Кыргызча-орусча сөздүгүндө» бул сөз эмнегедир жок. Бирок мында токтоол «остановка, задержка» деген кызык сөз бар: токтоол кылбай жол жүрүп, ат аябай мол жүрүп (фольклор) (Юдахин 1965:744).
Көчөдө, жол боюнда автобустар, троллейбустар токтой турган жай. Токтоп, күтө турган жер. Экөө жамгырдан корголоп, аялдаманын далдасында турду (Турсунов). Аялдамага келип отура кетти.
возвр. от аялда-,
то же, что аялда-;
айылга такыр билинбей, аялданып илинбей, кеткен экен жүгүрүп фольк. совершенно незаметно для аула, не задерживаясь и не медля, он побежал.
АЯЛДАРДЫ ЖАНА БАЛДАРДЫ СООДАЛОО – эларалык мүнөздөгү кылмыш. ХХ кылымдын биринчи жарымында бул маселелер боюнча биркатар макулдашуулар түзүлгөн. Жыйынтыгында алар адамдарды сатууга жана үчүнчү жактардын сойкуларды пайдаланууларына каршы күрөшүү жөнүндө БУУнун (IV) Башкы Ассамблеясынын 317-тескемесине ылайык 1949-жылы 2-декабрда кабыл алынган (1951-жылы 25-июлда күчүнө кирген) кол коюу үчүн ачык Конвенция менен алмаштырылган. Конвенциянын 1-жана 2-статьяларында анын катышуучулары күнөөлүү адамдарды жазага тартууга милдеттенишкен иш-аракеттер саналып көрсөтүлгөн.
АЯЛДАРДЫН УКУКТАРЫ – адамдын жалпы укуктары, ошондой эле аялдардын биологиялык өзгөчөлүктөрү, социалдык жана үйбүлөлүк статусу менен шартталган укуктары менен эркиндиктеринин жыйындысы. 1945-жылдан кийин А. у. эларалык-укуктук жөнгө салуунун маанилүү объектилеринин бири болуп калды (аялдардын абалына тийешелүү бир катар атайын конвенциялар кабыл алынды).
аялда этишинин аркылуу мамилеси.
понуд. от аялда-
заставить подождать;
ал сөздү аятып Көкчөгө аялдатып токтотуп фольк. сказал он слово (богатырю) Кокче, просил его повременить, остановиться.