аткы I
охот. трубочка (деревянная или из бедренной кости жору (см.) для промывания желудка ловчей птицы).
аткы- II
1. цапать (напр. когтями);
2. схватить, сграбастать;
алтын кемер, бото кур аткый кармап алыптыр фольк. сграбастал он (врага) за золотой пояс, за шейную повязку;
3. терзать.
I зат. Жыгачтан көңдөйлөтүлүп же жорунун жилигинен алгыр куштардын ичин тазалаш үчүн жасалган түтүк.
АТКЫ II этиш. 1. Чапчып алуу.
2. Оозун чоң ачып тиштөө.
Кыргыз тилинде аткы этиши «тырмактарын же чеңгелин батыра кармоо» маанисин берет. Мындай этиш башка түрк тилдеринде колдонулбайт. Монгол тилиндеги атгах этиши «1) зажимать в кулак, 2) брать горстью» болуп которулат. Ошондуктан аткы этиши кыргыз тилине монгол тилинен кабыл алынган дешке болот. Кабыл алынганда аяккы а тыбышы ы тыбышына алмашып, мааниси да бир аз өзгөргөн.
Чеңгел менен апчып кармоо, апчып алуу. Бала мага жакындай түшүп, бетимден аткып алчудай тикирейип келди (Элебаев). Бетин колу менен аткып алды эле, шүүшүндөп кан кетти (Байтемиров).
аңч. Алгыр куштарды, бүркүттү салар алдында ичин тазалоо үчүн жемсөөсүнө туздуу суу куюучу жорунун жилиги же жыгачтан жасалган түтүк.
Өңү серт, семиз. Аткыдай киши.
аткыз- (аттыр-), аткызса, аткызчы-
Өңү серт, семиз көрүнүштө болуу. Эшикте отургандардын ичинен аткыйган кара неме ордунан тура жөнөдү («Ала-Тоо»).
аткый этишинин аркылуу мамилеси.
этиш. Аткы менен суу жиберип, алгыр куштардын, бүркүттүн ичин тазалоо.
аткыла- I
многокр. от ат- III
постреливать.
аткыла- II
промывать желудок беркута (ср. аткы I).
аткыла- (аткы менен тазала)
Тынымсыз ата бер; бир нече жолу удаа-удаа атуу. Тапанча менен бир нече жолу удаа-удаа аткылады (Жантөшев). Немецтер күчөп аткылап кирди (Абдукаимов),
Чеңгел менен аткып-аткып кармагылоо, кайра-кайра аткып жулуп алуу. Кымбат суу куюлган унду салааларын кенен ачып, ачуусу менен аткылай баштады (Осмоналиев).
Кыраан куштардын (бүркүттүн) жемсөөсүн аткы менен тазалоо.
аткыла этишинин аркылуу мамилеси.
аткыла этишинин кыймыл атоочу.
аткыла этишинин кыймыл атоочу. Аткылоо күч алды.
аткыла этишинин кыймыл атоочу. Мыкчып-мыкчып аткылоо.
планирование огневого поражения
аткы II этишинин аркылуу мамилеси.
зат. Ок атуучу курал менен куралданган жөө аскерлер бөлүгүнүн жоокери, аскер кызматчысы.
аткыч, аткычыл
1. стрелок:
таамай аткыч меткий стрелок;
2. мастер игры в ордо (см. ордо 3);
Ажыбайдын жолдошу аткычыл экен бу баары фольк. все спутники Аджибая ловкие игроки в ордо.
Ата билген, мыкты аткан. Таамай аткыч. Аткычтар бөлүгү.
аткычтык, аткычтыгы,
аткычтыкка
взаимн. от аткы- II
цапаться (напр. когтями).
аткый этишинин кыймыл атоочу.