Бири ата катарында, бири бала катарында болуп кеткен сыяктуу абдан ынтымактуу, мамилелери жакын, бирин-бири сыйлашкан ынак. Ары тууган, ата-баладай болуп калдык эле (Жантөшев). Мындан кийин Токтогул менен кабарлашып, ата-баладай болуп жүрдүк (Тоголок Молдо). Ата-баладай болуп, колунан даам татып жакшылыгын көргөн адамдарга учурашуу дурус жышаан го (Бейшеналиев ).
Бири-бири менен мамилеси жакын, өтө татуу, ынтымактуу болуу, ынак болуу. Ары тууган, ата-баладай болуп калдык эле (Жантөшев). Мындан кийин Токтогул менен кабарлашып ата-баладай болуп жүрдүк (Тоголок Молдо). Ата-баладай болуп, колунан даам татып жакшылыгын көргөн адамдарга учурашуу дурус жышаан го (Бейшеналиев).
Ата-бабасынан бери козгоп абдан катуу тилдөө, жер-жеберине жете сөгүү. Төрөбектин адамдардын ата-жотосуна жетип, сай-сөөгүн сыздатканы деле басылар түрү көрүнбөйт («Чалкан»).
Ата-баба жердеген аймак. Бадалдуу тескей салкың төр Сенин ата журтуң кыпчак эл («Олжобай менен Кишимжан). Ак кардуу тоону ээлеген, Ата журтум кыргыз эл (Токтогул). В.: Ата конуш. Ал элдин бир замандан берки ата конушу (Сыдыкбеков). Бул болсо ата конушунан ажырап, баш-оту менен кирип бермек (Ашымбаев). Кол тийбес ыйык сакталат, Ата мекен журтубуз (Тоголок Молдо). Ата мекендин ардактуу уулдары. Мен, ата мекеним деп жүрөм! 2. Эзелки конуш, байыркы турак, турган жер.
АТА-ЭНЕ – туулгандыгы тууралуу китепчеде белгилүү бир балага ата-эне катары жазылган жактар (атасы менен энеси). Ошентип, «А-э-нин» юридикалык түшүнүгү биологиялык түшүнүк менен дал келбей калышы да мүмкүн (м.: жасалма түрдө уруктандырылса).
АТА-ЭНЕЛИК УКУКТАН АЖЫРАТУУ – сот чечими боюнча балдарды коргой турган укуктук чара; балага аталык же энелик фактыга негизделген баардык укуктардан, анын ичинде тарбиялоо укугунан, балалуу жарандар үчүн белгиленген аргандай жеңилдиктер менен жөлөкпулдардан, карыганда багылуу милдеттеринен айрылуу. Бирок, А. у. а. ата-энелерди баласын багуу милдетинен бошотпойт. Ата-эне (же алардын бири) төмөнкүдөй учурларда ата-энелик укугунан ажыратылышы мүмкүн: ата-энелик милдетин аткаруудан, анын ичинде алимент төлөөдөн качса; эч себепсиз эле өз баласын төрөт үйүнөн (бөлүмүнөн) же дагы башка дарылоо жайларынан, тарбиялоо жайынан, социалдык коргоо жайынан алуудан баштартса; ата-энелик укугунан кыянаттык менен пайдаланса ж. б.; балдарга мыкаачылык менен мамиле жасаса, анын ичинде алардын жыныстык колтийгистигин бузса; аракечтик менен баңгиликтин өнөкөт оорусуна чалдыкса; баласынын же жубайынын өмүрүнө же денсоолугуна каршы атайылап кылмыш жасаса; эрезеге жетелек балдарынын селсаяк болуп кетишине жол берсе.
АТА-ЭНЕЛИК УКУКТУ ЧЕКТӨӨ – КР үйбүлө мыйзамдарына ылайык, соттун чечими менен колдонулуучу, баланы ата-энелеринен (алардын биринен) аларды ата-энелик укуктарынан ажыратпастан туруп алып коюуда турган балдарды коргоо чаралары. Эгер баланы ата-энелери (алардын бири) менен калтырып коюу, ата-энелерге (алардын бирине) байланышпаган жагдайлар (жин оорусу же башка бир оор жагдайларга алып келүүчү өнөкөт илдет) боюнча бала үчүн коркунучтуу А-э. у. ч-гө жол берилет. Ошондой эле эгер баланы ата-энелери (алардын бири) менен калтыруу алардын жүрүм-турумдарына байланыштуу бала үчүн коркунучтуу болуп саналса, бирок ата-энелерди (алардын бирин) ата-энелик укуктарынан ажыратууга жетишерлик негиздер аныкталбаган учурларда да ата-энелердин укуктарын чектөөгө жол берилет. Эгер соттун А-э. у. ч. жөнүндөгү чечими чыккандан тартып 6 ай өткөндөн кийин дагы ата-энелер (алардын бири) өзүнүн жүрүм-турумун өзгөртпөсө, асыроо жана багып алуу органы аларды ата-энелик укутарынан ажыратуу жөнүндө доо коюуга милдеттүү. Баланын кызыкчылыгы үчүн асыроо же багып алуу органы бул мөөнөт аяктаганга чейин да ата-энелерди (алардын бирин) укуктарынан ажыратуу жөнүндө доо коюуга акылуу. А-э. у. ч. жөнүндөгү доо баланын жакын тууганы, мыйзам тарабынан жашы жетелек балдардын укуктарын коргоо жүктөлгөн органдар жана уюмдар, билим берүү мекемелери, ошондой эле прокурор тарабынан коюлушу мүмкүн.