Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Таптаза, аппак; таптаза болуп үтүктөлгөн же жылмакай ак. Апакай колдорунун кичинекей манжаларын санап чыкты (Таштемиров). Халатынын жакаларын кымтылап, апакай төшүн дароо жаап алды (Акматов). Кир кол менен кармагыс апакай, назик үлбүрөк (Өмүрканов). 2. Татынакай, кооз, көзгө көрүнүктүү (көбүнчө балдардын речинде колдонулат). Апакай көйнөк. Колуна кармаганы апакай бүрдүү гүлкайыр (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кайра-кайра «апаке» деп, апага жалынуу, кайрылуу, апалап эркелөө. Ажар апакелеп, боздоп ыйлады (Баялинов). Мени менен теңчамал, Кошунанын кызы бар, Апакелеп апамды Сүйлөгөнгө тили бар («Кыргызстан аялдары»).