1. уменьш. от ай I 1;
2. узор в виде полумесяца;
абчыгы алтын туу болуп, айгайлаган чуу болуп фольк. было знамя с золотым полумесяцем, был громкий тревожный крик.
зат. Жарым ай формасындагы сайма, оймо-чийме. Айчыгы алтын туу.
айчык (сайма түрү), айчыгы
АЙЧЫК, айчыктуу туу — түрдүү түстөгү кездемеге жарым ай түрүндө эмблема түшүрүлгөн туу. «Манаста» ар кандай шартта колдонулган. Көкөтөйдүн ашындагы «Айчыктуу туусу болбосо Ажеп эмес ал ашта Адашып киши жоголсо» (Сагымбай Орозбаков, 3. 223),— деп көп эл чогулган салттык мелдештер өз тууларынын айланасында өткөн, к. Туу. АЙЫМЖАН — эпизоддук кейипкер, Каныкейдин нөкөрү, Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап, жар тандоо салтында аты отуз үчүнчү келген Бозуул тагдырына буюрган А-га үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 419, 426).
1. Айдын кичирейтилип айтылышы, б.а., жаңы туулган ай. 2. Жарым ай түрүндө тууга ж.б. кооздолуп сайылган сайма же тартылган сүрөт. Ал көпчүлүк мусулман өлкөлөрүнүн мамлекеттик эмблемасы. Айчыктуу туулар жаркылдап. («Манас» С. О.). Келериңде, дүнүйө, Айчыгы алтын туудайсың, Кетериңде, дүнүйө, Соолгон кудук суудайсың (Токтогул). Айчыгы алтын көк тууну Алып бергин, эр Кошой («Манас»). 3. диал. Кооздолуп жасалган кийимдин бир түрү. Айчыкыт кийсе буралган, аргымак минсе кубанган.
этиш. Бир нерсенин бетине жарым ай формасында оймо-чийме түшүрүү, саймалоо.
покрывать узорами в виде полумесяца.
Айчык түшүрүп саймалоо, айчыктуу түр салуу.
возвр. от айчыкта-
покрываться узорами в виде полумесяца;
айгайлаган чуу болуп, айчыктанып туу болуп фольк. был громкий тревожный крик, было знамя с полумесяцем.
айчыктан-, айчыктанбай, айчыктанган
айчыкта этишинин аркылуу мамилеси.
айчыкта этишинин аркылуу мамилеси.
айчыкта этишинин кыймыл атоочу.
айчыкта этишинин кыймыл атоочу.
украшенный узорами в виде полумесяца;
айчыктуу күлүк скакун с тавром в форме полумесяца;
айчыктуу түн лунная ночь.
сын. 1. Жарым ай формасындагы оймо-чийме менен кооздолгон. Асаба желек калкылдап, Айчыктуу туулар жаркылдап («Манас)».
2. Маңдайында жарым ай сыяктуу кашкасы бар (жылкы жөнүндө). Айчыктуу күлүк кызыл ат Айда аркандап минесиң (Үсөнбаев).
1. Айчыгы бар, айчык түшүрүлгөн. Асаба желек калкылдап, Айчыктуу туулар жаркылдап («Манас»). 2. Маңдайында айчык сыяктуу кашкасы бар (жылкыга карата). Айчыктуу күлүк кызыл ат Айда аркандап минесиң (Үсөнбаев).