Киргизско-русский словарь Юдахина
1. тот, кто гонит; погонщик;
2. этн. погоняльщик на конских скачках (при скачках на большие расстояния по пути следования на определённых дистанциях ставились специальные всадники, которые должны были, облегчая работу наездника, подбадривать его коня выкриками и плетью);
3. (в соединении с определяемым) сеятель; сеющий;
пахта айдоочу республикалар хлопкосеющие республики;
кызылча айдоочу райондор свеклосеющие районы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Байгеге кошулган аттарды жерине чейин алып барып коё берүүчү адам. Ат айдоочу камдатып, Атты айдатты чаңдатып (Тоголок Молдо). 2. Арабага, сокого ж.б. чегилген атты башкарып айдап жүрүүчү адам. Ушул шахтада ат айдоочу болуп көп жыл иштегенмин (Сасыкбаев). 3. Транспортту (автомашина, самолёт ж.б.) же кыймылга келип, ордунан жылуучу техниканын түрлөрүн айдап башкарган, жүргүзгөн адам. Чөнтөгүндө айдоочунун күбөлүгү жок болуп чыкты (Макенбаев). Айдоочунун жанында отурган тибеттик жигит артка кылчайды (Акматов). Машина айдоочу. Кеме айдоочу. Колхоздун механик-айдоочусу. 4. Тоонун мергендерге кийикти чубатып берүүчү табигый ыңгайлуу жери. Айдоочуда аңдып жатканы дагы бирин атып алды (Жантөшев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЙДООЧУНУН КҮБӨЛҮГҮ – адамдын унаа каражатын башкаруу укугун бышыктоочу документ. КР аймагында айдоочунун КР эларалык келишимдеринин талаптарына жооп берген эларалык жана улуттук А. к. жарактуу. А. к-н алуу үчүн кесиптик сынактарды тапшыруу зарыл.