Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бирөөгө сыйынуу, айткан-дегенинен чыкпай аябай көзүн кароо, көшөкөрлөнүү, кошомат кылуу, кулдук уруу. Башкарма боло электе өз агасы Мендирман Шоорук менен Бердибайдын этегине намаз окуган көшөкөрү эле (Сыдыкбеков). Нөкөн менен өмүр шерик болмок түгүл, этегине намаз окууга тура чуркоочуларды жок деп ким айта алат (Үмөталиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөгө сыйынуу, айткан-дегенинен чыкпай аябай көзүн кароо, көшөкөрлөнүү, кошомат кылуу, кулдук уруу. Башкарма боло электе өз агасы Мендирман Шоорук менен Бердибайдын этегине намаз окуган көшөкөрү эле (Сыдыкбеков). Нөкөн менен өмүр шерик болмок түгүл, этегине намаз окууга тура чуркоочуларды жок деп ким айта алат (Үмөталиев). Көбү бөрк ал десе баш алган, өздөрүнөн төмөнкүлөргө кыргыйдай тийип, өйдөдөгүлөрдүн этегине намаз окуп, таазим кылган немелер (Жигитов). В.: Этегине таазим кылуу. Сени жаман жоруктан таза сактап калгандары үчүн экөөнүн тең этегине таазим кыла турган жөнүң бар (Айтматов). Этегине тооп кылуу. «Ыйыкмын, бу ар кошкон букара түбөлүккө этегиме тооп кылат деп билген, ага астейдил ишенген (Касымбеков).