Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жаныбарлардын сөөгүнө жабышкан дене ткандары. Дененин булчуң эттери. Этиң калып көк жашык, Каның калган бир кашык («Манас»). 2. Союлган малдын, аңдын, канаттуунун, балыктын ж. б. азык-түлүк үчүн колдонулган (желе турган) ушундай дене заты. Манапты ээрчип эт жеген Мадырайган соргогум (Токтогул). Койдун эти. Балыктын эти. Үй куштарынын эти. Сүр эт. 3. Ар кандай жемиштердин, бакча өсүмдүктөрүнүн желе турган жумшак заты. [Алманын] жука, кызыл терисинин астынан ширелүү, күн нуру сиңген даамдуу эти көрүнүп турду (Айтматов). 4. Дене, бүткөн бой. Көйнөгүм жок, жылаңач, Куур тонум этимде («Жазгыч акындар»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кыймыл-аракеттин болушун, бир нерсенин иштелишин билдирүүчү көмөкчү этиш. Эмгек этип жашыңдан, Элге жаксаң эң кызык (Токтогул). Чоң эне азыр жай сүйлөп, небересине өткөндү баян этти (Сыдыкбеков). Чоңдордун жемеси Орусбектин сезимине таасир этти (Сыдыкбеков). Карагай таш тийгендей солк этти (Токомбаев). Машина лып этип келип токтой калды (Жантөшев). Каныбек акырын гана күңк этип койду (Жантөшев). Мылтыктын тарс эткен үнү чыкты (Баялинов).