Киргизско-русский словарь Юдахина
1. кречет (киргизские охотники различают шесть видов: байпактуу шумкар, күйкө шумкар (считается наиболее ценным), катуу бүркөр, кара шумкар, ак шумкар, ителги; в старом быту, когда дарили девятку ловчих птиц, то возглавлял эту девятку күйкө шумкар);
учканы соккон шамалдай шумкардын жери Ала-Тоо стих. обиталище быстролётных кречетов - Ала-Тоо;
жаман кушту жакшы бакса, шумкар болот погов. если плохую ловчую птицу хорошо воспитывать, она станет кречетом;
туягы бүтүн тулпар жок, канаты бүтүн шумкар жок погов. нет скакуна с целыми (не обитыми) копытами, нет кречета с целыми (без всяких повреждений) крыльями;
ак шумкары башкача - канаттуунун учкулу стих. белый кречет - особый, самый быстролётный среди птиц;
Акшумкар Акшумкар (кречет богатыря Семетея);
2. эпитет молодца, богатыря (может относиться и к женщине);
3. редко, перен. ирон. (о женщине) лёгкого поведения.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Теги ителгиге жаткан, тээп алма алгыр куш. Таптаган билет шумкарды, Чапкан билет тулпарды (Турусбеков). Аттын баары тулпар болбойт, куштун баары шумкар болбойт (макал). Кара куш кардына карайт, шумкар чабытына карайт (макал).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Теги ителгиге жаткан, тээп алма алгыр куш. Канаты сынган шумкардай, Кайгылуу болдум өң азып (Казыбек). Таптаган билет шумкарды, Чапкан билет тулпарды (Турусбеков). Аттын баары тулпар болбойт, куштун баары шумкар болбойт (макал). Кара куш кардына карайт, шумкар чабытына карайт (макал). Ортосуна шумкар менен күйкөнүн, Ак, карадай айырма бар, дүйнө күн (С. Урманбетов).