Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ным. Кардын чыгы кетер менен жерди айдоо башталат (Байтемиров). Жаздын чыгы менен огородуңду күрөктөп айдап ал (Байтемиров). 2. Туураган этке куюу үчүн мурч, пияз салып атайын даярдалган сорподон калпып алынган май. Айдай эң мурун куйрук менен боорду чыгарып, кыя кести да, туздуу чык аралаштырып, меймандардын алдына койду (Каимов). Каныйпа болсо, сатин көйнөгүнүн узун жеңи менен улам бир сүртүп, чыкка пияз тууроо менен алек (Абдумомунов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Үйдөн, белгилүү бир жерден, шаардан ж. б. сыртты көздөй же башка бир жакты карай жөнөө, багыт алуу, жол тартуу, аттануу. Аскар китебин жаап, дептерлерин жыйнап койду да, сыртка чыкты (Сыдыкбеков). Каныбек күн батканда айылдан чыкты (Жантөшев). 2. Кандайдыр бир нерсенин үстүнө же бийиктикке көтөрүлүү, бөлүнүп көтөрүлүү. Командир экөөбүз чокунун так найзадай төбөсүнө чыктык (Жантөшев). Күн чыкты. Ай чыкты. Трибунага чыкты. Чыгып сүйлөдү. 3. Үн, добуш ж. б. пайда болуу, угулуу. Кубулжуп миң сан күү чыгат Курдаштарың ырдашып (Бөкөнбаев). Күлкү аралаш тамаша сөздөр чыгат (Сыдыкбеков). 4. Жарышта же мелдеште башкалардан озуп кетүү. Аттары күлүк, жигити эр, Жарышса чыккан мелдештен (Осмонкул). 5. Кез келүү, кездешүү, кездеше түшүү, жолугуу, көрүнүү. Айнегим чыкса алдымдан, Өбөр бекем дегемин (Токтогул). Алдынан чыкса калың жоо, Арстандай чапчып ыргыткан (Бөкөнбаев). 6. Китеп, газета, чыгарма ж. б. жарык көрүү; кандайдыр бир өндүрүмдүн пайда болуусу. 7. Өсүү, өнүү, көрүнүү, пайда болуу. Бутагы көк, бири сынса, бири чыгат, Былк этпей, качан көрсөң чынар турат (Үмөталиев). Жердин кыртышы небак тоборсуп, көк жабырап чыга баштаган (Сыдыкбеков). 8. Аянттын, кеңдиктин ж. б. кандайдыр бир жагына, бир четине жетүү, жетип калуу. Сабырлар бул кезде аянттын башына чыгып калышкан (Сыдыкбеков). 9. Белгилүү бир убакыттан, мезгилден өтүү. Кыштан арык чыккан малдар күнгө капталын кактап магдырады (Убукеев). 10. Белгилүү бир жашка келүү, белгилүү бир жашка же өлчөмгө, ченге жетүү, толуу (жашты, ченемди көрсөткөн сөздөр менен бирге айтылганда). Акман быйыл элүүгө жаңы чыгамын деп жүргөн кезеги (Сыдыкбеков). Мөмөлөр гүлдөп, чөп тушарга чыккан кез (Бөкөнбаев). Терген пахтасы 100 килограмм чыкты 11. Келүү, пайда болуу (мезгилге карата). Жаз чыкканда кетиш керек (Байтемиров). 12. Пайда болуу, көрүнүү, табылуу. Асыл таштан чыгат, акыл баштан чыгат (макал). 13. Бөлүнүү, башкалардан бөлүнүп, окчундоо, четтөө, белгилүү бир изден, калыптан оолактоо. Чырт этип четке чыга берет (Сыдыкбеков). Кара кашка жолдон чыга берди. Күлкү аралаш тамаша сөздөр чыгат (Жантөшев). 14. Болуу, кандайдыр бир окуя башталуу, болуп калуу. Согуш чыкты. Чыр чыкты. 15. Бошоп калуу. Кызматтан чыгып калган. Институттан чыгып калган. 16. Билинүү, белгилүү болуу, байкалып калуу. Карамырза, сөзүңдүн, Калпы чыкты байкалып (Токтогул). Атагы чыккан Зууракан, Азыркы элдин чүрөгү (Осмонкул). 17. Табылуу, казылып алынуу. Кен чыкты. Таш көмүр чыгат. 18. Көбүнчө иштин, кыймыл-аракеттин аякталгандыгын, бүтүшүн, болгондугунун натыйжасын көрсөтүүчү көмөкчү этиш катарында колдонулат. Мал көчүрүү маселеси партиялык чогулуштарда иштелип чыкты (Убукеев). Айымкан кызына карап: – Зарылжан, бол, дан алып чыга койчу! – деди (Сыдыкбеков). Байбиче, сандыгыңдан бир жамбы алып чыкчы (Турусбеков). 19. Толуу, жетилүү. Толкуп жаткан Ысык-Көл Көркүнө чыккан турбайбы (Турусбеков). Өңүнө чыгып шаңкайып, Эпкиндүү жеңем келаткан (Турусбеков). 20. Кууттан өтүү. Уй букадан чыкты. Кой кочкордон чыкты. Эчки текеден чыкты. 21. «Кет, жогол» деген мааниде колдонулат (көбүнчө итке карата) «Чык» деди үргөн итке чоочун дабыш (Токомбаев). Ит арс эткенде үйдөн Надя чуркап чыгып: – Чык... Сен ким, деди (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Металлга же катуу нерселерге жеңил урунушунан чыккан кыска дабышты же сааттын жебесинин согуусунан чыккан дабышты билдирүү үчүн колдонулат. Үй тынч. Жарык өчкөн. Саат чык-чык. Терезе бир тарапка кыңыр ачык (Абдыраманов). Жумагүлдү фотограф чык эттирип тартып ала койду (Шимеев).