Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАЛГАН ЗЭЭРЧИЛИК – КР кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча, жасалма акчаны же баалуу кагазды жасоо менен сатууну көздөгөн экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмыштардын бири. Чыныгы акча белгисине же баалуу кагазга окшош жасалма акчаны же баалуу кагазды жасоонун баардык ыкмасы (колдон сүрөт түшүрүү, техникалык каражаттарды, көбүнчө ксерокөчүрмөнү ж. б. колдонуу аркылуу) жасоо катары эсептелет. Ошону менен бирге, окшоштугу максатка жетүү мүмкүнчүлүгүн берүүгө тийиш – жасалма акчаны же баалуу кагазды сатууга.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
1. (поддельный) жасалма, жалган;
фальшивый документ жасалма документ;
фальшивые зубы жасалма тиштер;
2. (неискренний, лицемерный) арампөөш, арамза;
фальшивая улыбка арамза жылмаюу;
3. (двусмысленный) арабөк;
оказаться в фальшивом положении арабөк абалда калуу;
4. муз. бузулган, натуура;
фальшивая нота натуура нота.