Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УЮМДАШКАН КЫЛМЫШТУУЛУК – кылмыштаануудагы кылмыштуулуктун өзгөчө коркунучтуу түрлөүнүн бири; ал төмөнкүдөй белгилер менен мүнөздөлөт: а) материалдык-каржылык негизинин болушу; б) кылмыштуу уюмдун иерархиялык түзүмү; в) мамлекеттик органдар менен коррупциялык байланышынын болушу; г) кылмыштуу иштеринин туруктуу түрү; д) кылмыштуу топтордун (уюмдардын) конгломератына биригүү тенденциясы; е) таасир этүү чөйрөлөрүнүн так бөлүнгөндүгү.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УЮМДАШКАН ТОП ЖАСАГАН КЫЛМЫШ – КР кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча бир же бирнече кылмыш иштерин жасоо үчүн алдынала уюшуп алган 2 же андан көп адамдардан турган, туруктуу уюмдашкан топ тарабынан жасалган кылмыш.

Киргизско-русский словарь Юдахина
и. д. от уюмдаштыр-
организация (действие);
уюмдаштыруу жыйылышы организационное собрание;
партиялык-уюмдаштыруу жумуштары партийно-организационная работа;
массалык-уюмдаштыруу иштери организационно-массовая работа;
уюмдаштыруу маселелери организационные вопросы.