Жер кепе, жер там, жер үй. Мен ушул күнгө чейин жер төлөдөгү чычкандай болуп жашаган экемин (Жантөшев). 2. Аңчылар, саятчылар тор жайып куш кармоодо жанында жышырынып аңдып жатуу үчүн ылайыктап таштан алачык сыяктанып жасап алган кепе. Таштан төлө жасап алып карап олтурушат (Жантөшев).
Сатып алынган нерсе үчүн, пайдалангандыгы үчүн баасын, мүчөлүк акысын, карызды, салыкты ж. б. берүү, бүлүнгөн, жоголгон нерсенин ордун толтуруу. Анан сен үчүн Чаргын өз жанынан төлөмөк беле (Сыдыкбеков). Карызын төлөп, Маамыт араңдан зорго кутулду (Жантөшев). 2. Жумшап, жоготуп, жок кылып бүлдүрүп-сындырып койгондугу үчүн кандайдыр бир нерсенин наркына, баасына барабар келгендей өлчөмдө акча каражатын берүү же башка бир нерсе берип эсептешүү. Боорукердигиме ыраазы бол да, чөп үчүн төрт кой төлөп кой, бала! (Сыдыкбеков).