Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Бир нерсе жөнүндө болгон аныктама; иштин, окуянын жөн-жайы көрсөтүлгөн баяндама, кабар, түшүндүрүп ачып көрсөтүлгөн маани. Так түшүнүк бергиси жок (Аалы). Орозованын өз колунан түшүнүк алып, тезинен мага кабар кылгын (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсе жөнүндө болгон аныктама, иштин, окуянын жөн-жайы көрсөтүлгөн баяндама, кабар, түшүндүрүп ачын көрсөтүлгөн маани. Так түшүнүк бергиси жок (Токомбаев). Орозованын өз колунан түшүнүк алып, тезинен мага кабар кылгын (Бейшеналиев).

Русско-кыргызский словарь переводов Чоробека Сааданбекова

Кызмат тармагында, кызматка байланыштуу маселени, анын айрым жактарын түшүндүрүү үчүн жетекчиге же жогорку органдарга жиберилүүчү расмий документ түшүнүк кат деп аталат.

Түшүнүк кат формасы жагынан баяндама катка жана билдирмеге окшош. Алардын айырмачылыктары төмөнкүдөй: баяндама кат менен билдирмеде жумуштагы жетишкендиктер жана жетишпегендиктер баяндалып, кемчиликти четтетүү жогорку инстанциялардан суралат. Чарбалык, финансылык, экономикалык маселелер билдирмеде чагылдырылат. Ал эми түшүнүк катта аны жазган адам мекемеде кызматтык тартипти эмне себептен сактабай калганы көрсөтүлөт.

Түшүнүк кат жетекчинин талабы боюнча жазылат жана түшүнүк кат жазган адамды жазалоого негиз болот.

Түшүнүк каттар арналышы боюнча ички түшүнүк кат жана тышкы түшүнүк кат болуп бөлүнөт.


Булагы: иш-кагаздарын-мамлекеттик-жана-расмий-тилде-жүргүзүү