Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Түбү түшүп калган идиштердин ж. б. нерселердин түбүн бүтөө, түп салуу. Түптөгөн чака.
2. Кээ бир өсүмдүктөрдүн топурагын жумшартып, түбүнө үйүү. Топурак жумшак кезинде, Туура го түптөп салганым (Маликов).
3. Түп жасоо, түбүн бириктирүү. Мен болсом сынык нан үчүн китеп түптөймүн (Аалы).
4. Түбүн куруу, фундаментин куруу.
5. өт. Негиздөө, негиз салуу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. вставлять дно; перен. закладывать основу;
2. двигаться по подножию или располагаться вплотную к подножию;
Кара-Тоону түптөп барып конду продвигаясь по подножию гор Кара-Тау, он расположился вплотную (к горам);
Манас Ополдун тоосун түптөдү фольк. Манас расположился вплотную к подножию горы Опол;
тар көчөдөгү тамды түптөй, катуу жүрүп келе жатты он быстро шёл по улице, (держась) ближе к стенам;
керегени түптөй тегерете отурушкан они сидели (в юрте), расположившись кружком, вплотную к кереге;
3. переплетать (книгу, тетрадь).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Түбү түшүп калган идиштердин ж. б. нерселердин түбүн бүтөө, түп салуу. Түптөгөн чака. 2. Кээ бир өсүмдүктөрдүн топурагын жумшартып, түбүнө үйүү. Топурак жумшак кезинде, Туура го түптөп салганым (Маликов). 3. Түп жасоо, түбүн бириктирүү. Мен болсом сынык нан үчүн китеп түптөймүн (Токомбаев). 4. Түбүн куруу, жер пайын куруу. 5. өт. Негиздөө, негиз салуу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
страд. от. түптө-;
үйдүн түбү гана түптөлгөн заложен только фундамент дома;
эмдигиче түбү да түптөлбөптүр до сих пор даже фундамент не заложен;
китеп түптөлдүбү? книга переплетена?
түптөлгөн китеп переплетённая книга.

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр. от түптө-
широко пустить корни; прям. , перен. укрепиться;
алманын тамыры түптөндү яблоня пустила корни;
айыл чарбачылыгынын тамыры түптөндү сельское хозяйство укрепилось;
түптөнгөн коюу кара мурут пробившиеся густые чёрные усики.