Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жакшы мамиледе, өтө жакын, ынак болуп жүргөн адамына кара санаган, жамандык кылган кишиге карата айтылуучу каргыш. Жаңылып кетсем кокустан, Жаш башымды туз урсун (Токтогул). Өзүм менен бир таткан, Тузум урсун башыңан! (фольк.).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жакшы мамиледе, өтө жакын, ынак болуп жүргөн адамына кара санаган, жамандык кылган кишиге карата айтылуучу каргыш. Жаңылып кетсем кокустан, Жаш башымды туз урсун (Токтогул). Жалган айтып мен келсем, Колуңдан берген туз урсун («Эр Табылды»). Өзүм менен бир таткан, Тузум урсун башыңан! (фольк.).