1. подвесная полка из материи (в юрте);
2. полка;
китеп текчеси книжная полка;
китептер текчесинде на книжной полке (сообщение о книжных новинках) южн. ниша в стене.
зат. 1. Аялдарга тийиштүү майда-барат буюм-теримдерди коюу үчүн
боз үйдүн керегесинин баш жагына бекитилген кичинекей орун.
2. Китеп же ар кандай буюм-терим коюу үчүн жасалган полка; терезенин астынкы тектирчеси. Анархан колундагыларын текчеге койду (Жантөшев). Тамдын боорундагы текчедеги анча-мынча идиш-аяк күүгүмдөп көрүнөт (Байтемиров).
(секичек, текичек, нишап) — кыз-келиндердин тебетей, элечек, көйнөк, чыптама өңдүү өздүк кийим-кечектерин коюучу буюм (баштыкча). Текче күзгү каптын үстүнө тагылат. Ар бир буюмдун өзүнчө өзгөчөлөнгөн жүз ачаар көркөмдүгүн уздар сары саптай алышат. Мунун жердиги үчүн көбүнчө кара же күрөң баркут тандайт. Буюмдун (75X40 см) четине «бычак учун» берип, анан сары өң менен кош жарыш сызык айланта «суу» жүргүзүп алат. Эми «Кыял оюмун» кызыл жиптен берип, анын четине көк жипти курчай саят да, кайрадан толкун өңдөнтүп, кызыл, сары кара жип аркылуу «ала мончок» (суу) жүргүзөт. Ушундан кийин төрт чарчыланган бадырайган сайма көчөттөрү бутактанып, «кочкор мүйүз оюму» өңдөнүп, булардын аралары «күн карама» же «байчечек», тынчтыктын символу — ак кептер кейиптенген көчөттөр сайылат.
Саймачылар сары өңдү кызыл өңдөн айырмалоодо жашыл жаңыш өңдү айланта алуу менен буюмду көркүнө чыгарат. Демек, төрт ири, төрт майда көчөттөрдүн арасына эми «тогуз төбөлөнгөн» «сууну» актан толкундата жүгүртүү керек. Ал кара жердикти көркөм көчөттөрдөн өзүнчө бөлүп көрсөтөт. Мунун ичинен бутактанып окшошкон майда көчөттөрдүн элементтери чыгат да, алардын араларын жашыл өң бөлөт. Буюмдун чок ортосуна «күн карама көчөтүн» ак жип менен берип, ал кызыл, жашыл өң аркылуу бөлүнөт. Анын ортосун кылдат сайып, кызыл, сары өңдө түр берүү ыкмаларын саймачылар өтө көрөгөчтүктө жүзөгө ашырышат.
Текче териден да, кийизден да, баркыттан да, шайы өңдүү таза кездемеден да тигилген. Тегереги чачыланып, бети кооз саймаланат. Анын төрт бурчуна боо тагылып, экөө керегенин башына, экөө уукка байланат. Мындай текченин эки жагы ачык болуп, буюм ошол көңдөйчөгө салынган. Мунун жээгин да бир элидей кундуздайт. Ага түшкөн сайма көчөттөрүнүн чекеси ак жип аркылуу күзгү каптай «ала мончоктолот».
Түштүк Кыргызстанда күзгү кап менен текче курак менен айкалыша жасалат. Туштук төрт «кочкор мүйүздүн» башында төрт «карга тырмак» чыгып, бурч-бурчунда — «карга тырмак» өзүнчө берилсе, кара жердикке кызыл өң жарашып, чакан туштукка бир эле табакча көрүнөт. Мунун четине «жагалмай канаттан» «жээги» чыгып, аралары «карга тырмак» көрүнөт. Топ чачылары, тор чачыктары анын көркөмдүгүн арттырып турат.
1. Үй ичиндеги ар кандай буюм-терим коюла турган оюк. Анархан колундагыларын текчеге койду (Жантөшев). Тамдын боорундагы текчедеги анча-мынча идиш-аяк күүгүмдөп көрүнөт (Байтемиров). 2. Китеп койгуч. 3. Аялдарга тийиштүү майда-барат буюм-теримдерди коюу үчүн боз үйдүн керегесинин баш жагына бекитилген кичинекей орун. 4. Терезенин астынкы тектирчеси. 5. Тектирче түрүндө жасалган жай, супа, сере. Айна жумуштан кайтып үйдүн эшигинин алдындагы таш менен ылайдан жасалган текченин үстүндө китеп окуп отурган эле (Абдумомунов).
быть миниатюрным, изящным.
Кичинекей келип, тыкан, жыйнактуу көрүнүштө болуу.
понуд. от текчей-;
кыз төөнү кайта комдоп, эки куржунду текчейтип артты девушка, переседлав верблюда, аккуратно навьючила две перемётных сумы;
текчейте байланган бөктөрүнчөк аккуратно привязанный свёрточек.
текчей этишинин аркылуу мамилеси. Төрдө текчейте жыйылган жүк.
сделать что-л. в виде выступа;
секилетип текчелеп, арча менен кыйдырдым я велела скрепить арчой в виде выступов и ступенек.
Текче-текче кылып коюу, кандайдыр бир нерсени кыр-кыр кылып, тектирчелеп секилентип коюу.
Ticker Tape (proper noun)
A title animation in Windows Movie Maker.