Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Эмеректердин жыйналып, түрмөктөлүп оролуп, таңгыч менен таңылган түрү, таңылчак, жүктөө, жыюу же бир жакка жөнөтүү үчүн жыйнакталып таңылган жүк, ар кандай нерселер. Кездеменин таңгагы. Кагаздын таңгагы.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТАҢГАК – товардын жана курчап турган айлана-чөйрөнүн бузулуудан коргоолуусун камсыз кылуучу жана товарды урунууну жеңилдетүүчү каражаттар же каражаттар топтому. «Т.» түшүнүгү кеңири маанисинде идишти да өз ичине камтыйт, тар маанисинде Т-ты тарадан анын бир жолу гана колдонулуучу мүнөзү өзгөчөлөйт.

Киргизско-русский словарь Юдахина
страд. от таңгакта-
паковать в кипы, в связки, в тюки, складывать пачками;
кыркылган жүн нечен кишилердин колунан өтүп, эң акырында таңгакталат настриженная шерсть, пройдя через руки многих людей, наконец тюкуется;
чөнтөгүнөн таңгакталган акчаларды сууруп чыкты он вытащил из своего кармана пачки денег;
таңгакталган он сомдуктар десятирублёвки, сложенные пачками.