Киргизско-русский словарь Юдахина
1. допрос, дознание;
күбөлөрдөн сурак алуу допрос свидетелей;
сурак алынды был снят допрос;
2. правление; власть;
Кокон сурак ист. сев. Кокандское правление (время до присоединения Киргизии к России, когда она находилась под игом кокандских ханов);
ак жеринен айдамак, адал жерден кармамак - ушундайбы сурагың?! фольк. ссылать невинного, хватать невиноватого - таково ли твоё управление?
сурак кыл- править, управлять (народом, страной);
кимге кетти сурагың, кимден өчтү чырагың? фольк. к кому перешла твоя власть? кто погасил твой светильник?
сурак бер- быть подвластным;
калкы тыргоот, манжууга кантип сурак беребиз? фольк. как мы можем быть подвластны народу торгаутов и маньчжуров?
сурак бербеген неподвластный.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Тергөө, тергөө жүргүзүү. Сот алды байды суракка, Сүйүндүм ошол убакта (Калык).
2. Бийлик, башкаруу. Кайрат менен кол сунуп, Алдык колго суракты (Осмонкул). Түбүнөн бери жок кылгын Мурункунун сурагын (Токтогул).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
СУРАК – процесстик укукта укук коргоо органдарынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын (мыйзамда каралган тартипте) мыйзамда көрсөтүлгөн жактардан аныктоого жатуучу жагдайлар тууралуу жана анын сурак же сот ишининин протоколунда, анын тиркемелеринде схема, аудио-, кино-, көрмө-жазуу, ошондой эле сурак берген тараптан алынган маалымат менен катталган маалыматты далдаштыруу күбөлүгү түрүндө маалымат алуу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тергөө, тергөө жүргүзүү. Сот алды байды суракка, Сүйүндүм ошол убакта (Калык). 2. Бийлик, башкаруу. Кайрат менен кол сунуп, Алдык колго суракты (Осмонкул). Түбүнөн бери жок кылгын, Мурункунун сурагын (Токтогул).