Жаман ниеттеги, жаман пикирдеги жат киши, душман. Силер суук көзгө көрсөтпөй турган кызыңарды өлүмтүк дөбөткө тыттырдыңар («Советтик Кыргызстан»). Суук көздөн качып, байкалбас эл четин чалды (Осмоналиев).
Жаман ниеттеги, жаман пикирдеги жат киши, душман. Силер суук көзгө көрсөтпөй турган кызыңарды өлүмтүк дөбөткө тыттырдыңар («Советтик Кыргызстан»). Суук көздөн качып, байкалбас эл четин чалды (Осмоналиев). Суук көзгө карааны Беш-алты жүз чамалуу (Тоголок Молдо). Суук сөздөн, суук көздөн калкалап, Канча жолу нөшөрлөрдөн далдалап (Бегимкулова).
Ниети жамандан алыс болуу, ичи кара, жамандык издегенден качуу, оолак жүрүү. «Элим ай, мен качкынмын, көп да даршан боло бербейин, суук көзгө көп чалынбай көңүлдөш кишилердин ичинде эле жүрө турайын»,- деди (Касымбеков).
Ниети жамандан алыс болуу, ичи кара, жамандык издегенден качуу, оолак жүрүү. «Элим ай, мен качкынмын, көп да даршан боло бербейин, суук көзгө көп чалынбай көңүлдөш кишилердин ичинде эле жүрө турайын” ,– деди (Касымбеков).