Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Көчүп жүрбөй бир жерге орун алуучулук, турук алып жайгашкандык. Отурук бол, там салып, Кыл мээнетти жамдалып («Жазгыч акындар»). — Отурук алган ордунан ким эле көчкүсү келсин,деп Күмүш мурдагыдан жеңиле сүйлөдү (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көчүп жүрбөй бир жерге орун алуучулук, турук алып жайгашкандык. Отурук бол, там салып, Кыл мээнетти жамдалып («Жазгыч акындар»). – Отурук алган ордунан ким эле көчкүсү келсин, – деп Күмүш мурдагыдан жеңиле сүйлөдү (Байтемиров).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ОТУРУКТАШУУ ЧЕНТАЛАБЫ – конституциялык укукта мыйзам тарабынан белгиленген шарт-талап, ага ылайык жигердүү же солгун шайлоо укугунун болуусу белгилүү бир жерде же өлкөдө туруктуу жашап туруу мөөнөтүнө байланыштуу аныкталат. Алып айтсак, КР конституциялык мыйзамдарына ылайык КР Президенти болуп анын талапкерлиги КР Президенттигине көрсөтүлгөнгө чейин өлкөдө 15 жылдан кем эмес жашап турган КР жараны шайлана алат, КР ЖКнын депутаттары үчүн 5 жылдык О. ч. белгиленген. Биркатар өлкөлөрдө өтө жогорку О. ч-н белгилөө демократияга каршы жана кемсинтүү мүнөзгө ээ.