Коркунучтуу кабар, жагымсыз, начар сөз айтып жибергенде «токтот», «андай дебе», «айтканың келбесин», «андай болбосун» деп, кагуу маанисинде колдонулат. Сөзүн бүткөрө койбой катыны: «Оозуңа кара таш! Дөөрүгөнүң ылайым өз башыңа жетсин» (Жигитов).
Коркунучтуу кабар, жагымсыз, начар сөз айтып жибергенде «токтот», «андай дебе», «айтканың келбесин», «андай болбосун» деп кагуу маанисинде колдонулат. Сөзүн бүткөрө койбой катыны: «Оозуңа кара таш! Дөөрүгөнүң ылайым өз башыңа жетсин»(Жигитов). В.: Оозуңа таш! Оозуңа таш, какшанган жаагың сынгыр! («Ала-Тоо»). А кокус менден башка бирөөгө буйруса эмне болот эле мунара? Оозуңа таш! дейм өзүмдү өзүм (Акматов). – Оозуңа таш! – деп айтып, бешинчи киши... отурган жеринен тура калды (Осмоналиев). Таш оозуңа! Таш оозуңа! Эмне деп жатасың (Сыдыкбеков).