Экинчи кайтарып сөз айта албоо, ооз ача албоо, жооп кайтарып сүйлөөгө мүмкүнчүлүгү болбоо. Чачтуу думананын оозуна кум куюлгандай болду («Ала-Тоо»). Оозуна кум куюлгандай болуп унчукпаганына ардыгып, ызаланып... темирдей ысык бирдеке анын өзөгүн куйкалап жиберди (Садыбакасов).
Экинчи кайтарып сөз айта албоо, ооз ача албоо, жооп кайтарып сүйлөөгө мүмкүнчүлүгү болбоо. Чачтуу думананын оозуна кум куюлгандай болду («Ала-Тоо»). Оозуна кум куюлгандай болуп унчукпаганына ардыгып, ызаланып... темирдей ысык бирдеке анын өзөгүн куйкалап жиберди (Садыбакасов). В.: Оозуна күл куюлгандай болуу. Оозуна күл куюлгандай болуп, үндөгөн жок («Ала-Тоо»). Оозуна талкан куюлгандай болуу. – Сиз эмне көлөкөдөй ээрчип алдыңыз! – деди кыз. Жигит оозуна талкан куюлгандай болуп үч-төрт мүнөт унчукпай калды («Чалкан»). Оозуна таруу куюлгандай болуу. Оозуна таруу куюлгандай болуп, жер тиктеп тура берди (Жантөшев).