МУРУН I
Краткий этимологический словарь кыргызского языка«Адамдын жана жаныбарлардын жыт билүү органы» деген маанидеги мурун сөзүнүн бура «жытта», бур «шимшиле» этишинен келип чыкканы жөнүндө Ю. Немет, В. Мункачи, В- Банг, А. Зайончковский, Г. Рамстедттер айтышкан (Севортян, 1978, 270).
Бирок бур этиши кайсы тилде «жытта» маанисин бергендиги көрсөтүлбөгөндүктөн, Э. В. Севортян буры «жыпар жыттануу, буркуроо» (мисалы: кырг. гүл бурады, жыт бурады) этишине байланыштырат (Севортян, 1978, 271). Уйгур тилинде пурумак этиши «жытта» маанисинде айтылат (УйРС, 260). Мына ошол этиш байыркы түрк тилдеринде буру түрүндө айтылган, ага зат атооч жасоочу -н мүчөсү жалганып, бурун «жыт билүүчү орган» сөзү көлип чыккан. Кыргыз тилинде жана айрым түрк тилдеринде сөздүн башкы б тыбышы м тыбышына алмашып, мурун болуп калган.