Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МИЛДЕТТЕНДИРҮҮЧҮ УКУК ЧЕНЕМДЕР – белгилүү бир жактарга кандайдыр бир аракетти жасоону буюрган укук ченемдери (м.: жалпы үлүштүк менчик катышуучуларына өз үлүшүнө жараша жалпы мүлк боюнча салык менен жыйымдарды, ошондой эле аны күтүү жана сактоого чыгымдалчу төлөмдөрдү төлөөгө катышууга милдеттүүлүгүн билдирүүчү жарандык укук ченемдери).

Киргизско-русский словарь Юдахина
обязательство;
алынгак- милдеттенмелер принятые на себя обязательства;
биз алган милдеттенмелерибизди ашыра орундатабыз взятые на себя обязательства мы перевыполним;
милдеттенмелерин орундашты они свои обязательства выполнили.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)

МИЛДЕТТЕНМЕ – ага ылайык, бир адам (карызкор) экинчи адамдын (кредитордун) пайдасына кандайдыр бир аракеттерди жасоого: мүлк берүүгө, жумуш аткарууга, акча төлөөгө, болбосо кандайдыр бир аракетерден баштартууга милдеттүү, ал эми кредитор карыздардан өзүнүн милдеттин аткарууну талап кылууга укуктуу болгон укук мамилелери. М. келишимдерден, зыян келтирүүдөн, КР жарандык мыйзамдарында каралган башка негиздерден келип чыгат. М. ага тарап катары катышпаган адамдарга (үчүнчү адамдар үчүн) милдеттенме такпайт. Үчүнчү адамдар үчүн М. анын бир же эки тарабына карата мыйзамда, башка укук актыларында же тараптардын келишимдеринде каралаган шарттарда гана укук мамилелерин жаратуусу мүмкүн.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МИЛДЕТТЕНМЕЛИК УКУК – 1) милдеттенмелерди жөнгө салуучу жарандык-укуктук ченемдердин жыйындысы; жалпы жана өзгөчө бөлүктөрдөн турат. Жалпы бөлүк милдеттенме түшүнүгүн жана анын тараптарын, милдеттенмени камсыз кылуунун ченемдерин ж. б. аныктоодон турат. Өзгөчө бөлүк милдеттенмелердин айрым түрлөрүн жөнгө салат; 2) (субъективдүү мааниде) мүлктүк укуктардын бири; бир адамдын (кредитордун) экинчи адамдан (карызкордон) мүлктүк мүнөздөгү иш-аракеттерди ишке ашырууну, болбосо алардан баштартууну талап кылуу укугу.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МИЛДЕТТЕНМЕНИ АТКАРУУ – карыз берүүчү менен карызкордун укук менен милдеттерин камтуучу төмөнкү аракеттерди жасоосунан турат: буюмду берүү, акча төлөө, жумуш аткаруу ж. б. у. с. Жарандык укуктун жалпы принциптери боюнча, укук милдеттенмелери мыйзам, дагы башка укук актыларынын шарттары менен талаптарына ылайык аткарылууга тийиш, ал эми мындай шарттар менен талаптар жок болгон учурда – иш каадаларына же адаттагыдай талаптарга ылайык жүргүзүлөт.