Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Менменсинүү, бой көтөрүү, өзүн жогору саноо, мактануу. Колун бөйрөгүнө ала коюп, көөдөнүн көтөрүп, сөзү дымактуу чыгып жатты (Ашымбаев). «Менден башка бу колхоздо ким бар! « деп көөдөнүңдү көтөрчү элең го, сен («Чалкан»), Кабинадан оолжуй тартып чыгып, кара көз айнекти түшүрбөй, көөдөнүн көтөрүп, ыңгырана басымыш болду («Фрунзе шамы»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Менменсинүү, бой көтөрүү, өзүн жогору саноо, мактануу. – Темирчилик ишине мени эле коё бергиле,– деп Амандык карыя көөдөнүн көтөрдү (Убукеев). Сен эмне эле көөдөнүңдү көтөрүп калгансың, адамды тааныбай баратасыңбы дейм! («Чалкан»). Колун бөйрөгүнө ала коюп, көөдөнүн көтөрүп, сөзү дымактуу чыгып жатты (Ашымбаев). «Менден башка бу колхоздо ким бар!» деп көөдөнүңдү көтөрчү элең го, сен («Чалкан»). Кабинадан оолжуй тартып чыгып, кара көз айнекти түшүрбөй, көөдөнүн көтөрүп, ыңгырана басымыш болду. В.: Көкүрөгүн көтөрүү. Мени менен ойногуңар бар ээ? Жыламышев көкүрөгүн көтөрө сүйлөдү («Чалкан»). Көкүрөгүн өргө айдоо. Анда мунун көкүрөгүн өргө айдап, жер баспай турган кези эле. Көөдөнүн өргө чабуу. Көөдөнүн өргө чаап турган кези.