Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Көңүл кайтты болуу, абдан нааразы болуу, аябай жек көрүү, жаман көрүү, иренжүү сезими пайда болуу. Ысып барган делебем муздап, ойлогон оюм ордунан чыкпай, көңүлүм үч көчкөн журттай калып, үйгө кайтып келдим (Бөлөкбаев). Адамдан адамдын көңүлү үч көчкөн журттай калса, аны менен бирге жашоо кыйын го? (Бектенов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көңүл кайтты болуу, абдан нааразы болуу, аябай жек көрүү, жаман көрүү, иренжүү сезими пайда болуу. Ысып барган делебем муздап, ойлогон оюм ордунан чыкпай, көңүлүм үч көчкөн журттай калып, үйгө кайтып келдим (Бөлөкбаев). Адамдан адамдын көңүлү үч көчкөн журттай калса, аны менен бирге жашоо кыйын го? (Бектенов). В.: Көңүлү калуу. Тууганы Төлөмүштөн да көңүлү калды (Бердикеев). Андан катуу сөз угуп көңүлү калды (Бердикеев). Көөнү калуу. Ал эмне дегениң? Көөнүң калдыбы, сөзүңө түшүнбөдүм! – деп Айжамал серпиле карап оңдонуп олтурду (Убукеев).