Бирөөгө болгон нааразылыгы, таарынчысы кетүү, жазылуу. Бир кездеги үзөңгү кагышып бирге жүргөндөрү эсине түшүп, көңүлү агарып, бала сыяктуу каңырыгы түтөдү (Касымбеков). Сыйыңа карата - сый, сенин да көңүлүң агарып кеткени оң (Медетов).
Бирөөгө болгон нааразылыгы, таарынчысы кетүү, жазылуу. Бир кездеги үзөңгү кагышып бирге жүргөндөрү эсине түшүп, көңүлү агарып, бала сыяктуу каңырыгы түтөдү (Касымбеков). Сыйыңа карата – сый, сенин да көңүлүң агарып кеткени оң (Медетов). В.: Көөнү агаруу. – Кеп уулунда. Көөнү агарбай кетти. Каны кайнап кекти көөдөнүнө бек туйду (Бейшеналиев). Көңүлү жумшаруу. Эң акыркы ээсинин ага өзгөчө болгон мээримине Абдырахмандын кирдеген көңүлү жумшарып кетти (Касымбеков). Көңүлү жибүү. Дамиранын көңүлү жибип, Ашырга ишеничи, урматы артылды.